Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бир жумада экспорттун көлөмү 8 миң 168 тоннаны түздү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бир жумада экспорттун көлөмү 8 миң 168 тоннаны түздү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 15-21-сентябрына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 8 миң 168 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 3 миң 795 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 415 даана фитосанитардык сертификат берилди. Бул аралыкта Чүй облусунан 1313 тонна жемиш Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Талас облусунан 1 миң 832 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, 169 фитосанитардык сертификат берилди. Бул аралыкта Талас облусунан 692  тонна буурчак өсүмдүктөрү Грузия, Иран, Турция, Казакстан өлкөлөрүнө жана 982 тонна болгар калемпири Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.

3. Ош облусунан 1 миң 689 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 98 даана фитосанитардык сертификат берилген. Бул аралыкта Ош облусунан 585 тонна жемиш Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Баткен облусунан 652 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 26 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Бул аралыкта Баткен облусунан 511 тонна жемиш, 43 тонна жаңгак, 73 тонна алма, 25 тонна сарымсак Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

5. Жалал-Абад облусунан 138 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 112 даана фитосанитардык сертификат берилди. Бул аралыкта Жалал-Абад облусунан 55 тонна жаңгак Латвия өлкөсүнө, 37,2 тонна кургатылган алма Германия өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 62 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 10 даана фитосанитардык сертификат берилген. Бул аралыкта Ысык-Көл облусунан 52 тонна жемиш Казакстан, Россия өлкөлөрүнө жана 380 даана көчөт Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button