Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын биринчи күнү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын биринчи күнү

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын биринчи күнү боюнча бир күндүк маалымат.

2021-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Көк-Ой айылындагы Боз-Тектир насостук станциясынын иши менен таанышты.

Бос-Тектир насостук станциясы 1989-жылы пайдаланууга берилип,  1994-жылга чейин иштеп турган. Сугат булагы Көкө-Мерен дарыясы болгон.  Насостук станция убагында  180 га аянтты сугат жерин суу менен камсыз кылып турган.

«Станцияны жандандыруу үчүн 6 000 000 сом керектелет. Бул маселени жакын арада чечүүгө аракет кылабыз», – деди министр Аскарбек Джаныбеков.

Андан соң Жумгал районундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин иши менен таанышты. Агенттик жыл сайын питомник бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүп, жергиликтүү тургундарга сатат. Өстүрүлгөн көчөттөрдү жана питомниктен түшкөн кирешени көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Андан соң Чаек айыл аймагындагы “Калыс” асыл тукум чарбасына барды.

Жумгал районунун фермери Токтоналиев Тасынбек 2003-жылдан бери асыл тукум малдардын санын көбөйтүү  менен алек. “Калыс” асыл тукум мал чарбасында үч жылдын ичинде малдын саны жана сапаты жагынан жакшы натыйжаларды көрсөткөн. Тактап айтканда,  2018-жылдан тартып 2020-жылга чейин малдын саны 300 дөн 500 гө чейин көбөйгөн. Бүгүнкү күндө чарбада асыл тукум гисар жана арашан койлорун багып келет. Мындан тышкары 50 башка чейин ири мүйүздүү бодо мал букаларын бордоп семиртүү жана багбанчылык иштерин дагы жүргүзүп келет.

Ошондой эле, Түгөл-Сай айылында Ак-Булак балык чарбасынын иши менен таанышты. Бул ишкана Жумгал району боюнча балык өстүрүүчү  жападан жалгыз ишкана. Форель көп жылдар бою ийгиликтүү өстүрүлүп келет. Өндүрүлгөн продукция Бишкек шаарына жана жергиликтүү базарларда сатылат.

Министр Түгөл-Сай айыл аймагындагы БДР жайгашкан жерге барды. БДРди куруу  министрликтин негизги планына киргизилип, быйыл курулуш иштерине атайын каражат бөлүнгөн.  БДРди куруу иштери 2022-жылы башталып, 2025-жылы аяктайт деп пландалууда.

Андан соң Кочкор районунун Эпкин айылындагы балык өстүрүү чарбасына барып, анда жүрүп жаткан курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Аталган объект ФАОнун “Балык чараларын жана аквамаданиятты туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун каржылык жана техникалык колдоосу менен тургузулган. Цех 2020-жылы курулган, бирок пандемияга байланыштуу цехтин ички курулуш иштери аягына чыкпай калган. Бүгүнкү күндө цехте курулуш иштери толугу менен жүрүп жатат жана ушул жылдын октябрь айында толугу менен ишке берилет деп пландалууда.

Жыйынтыгында, министрдин Нарын облусуна болгон иш сапарынын биринчи күнү “Кочкор-Форель” балык чарбасына баруу менен аяктады. Чарбанын жетекчилиги балык өстүрүүнү колдоо, каржылоо, жана насыя алуу үчүн жер участокторун пайдаланууга байланышкан көйгөйлөр жөнүндө айтты. Талкуунун жыйынтыгында министр Аскарбек Джаныбеков айтылган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгууну министрликтин тиешелүү бөлүм башчыларына тапшырды.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button