Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Баткен облусунан тышкары республика боюнча күздүк айдоо жана күзгү-кышкы ным топтоо иштери аяктады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Баткен облусунан тышкары республика боюнча күздүк айдоо жана күзгү-кышкы ным топтоо иштери аяктады

Республика боюнча учурда Баткен облусунан тышкары күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугат иштери аяктады.

2023-жылдын 1-декабрына карата жалпы суу булактарынан суу алуу план боюнча 8348,6 млн.м3, ал эми иш жүзүндө 8061,5 млн.м3 же болбосо 97 % аткарылган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 171,6 млн.м3 көп.

Сугатка суу берүү план боюнча 6074,9 млн.м3 болсо, иш жүзүндө 5656,3 млн.м3 же болбосо 93 % аткарылган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 170,1 млн.м3 көп.

Баардык сугарылган аянт план боюнча 3872,9 миң га болсо, иш жүзүндө 3524,2 миң га түзөт.

Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 601,1 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 609,3 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 430,8 миң га болсо, иш жүзүндө 415,8 миң га, же болбосо 97 % аткарылган.

 Ош облусу боюнча сугатка суу берүү планда 1074,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 999,4 млн.м3, план 93 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 692,3 миң га болсо, иш жүзүндө 647,2 миң га, же болбосо 93% аткарылган.

Жалал-Абад облусу боюнча сугатка суу берүү планда 906,3 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 913,9 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 549,6 миң га болсо, иш жүзүндө 554,5 миң га, же болбосо 101% аткарылган.

Ысык-Көл облусу боюнча сугатка суу берүү планда 520,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 502,0 млн.м3, план 97% аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 355,5 миң га болсо, иш жүзүндө 336,4 миң га, же болбосо 95 % аткарылган.

Нарын облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 594,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 565,7 млн.м3, план 95% аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 303,6 миң га болсо, иш жүзүндө 251,3 миң га, же болбосо 83% аткарылган.

Чүй облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 1645,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 1391,2 млн.м3, план 85% аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 1170,7 миң га болсо, иш жүзүндө 994,5 миң га, же болбосо 85% аткарылган.

Талас облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 733,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 674,8 млн.м3, план 92% аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 370,4 миң га болсо, иш жүзүндө 324,5 миң га, же болбосо 88% аткарылган.

Show More
Back to top button