Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков министрликтин алдындагы департаменттердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн иши менен таанышуу максатында бир нече күн республиканын түштүк аймактарын кыдырмакчы.

Министр иш сапарынын биринчи күнүндө, Ош облусунун Өсүмдүктөрдү химиязациялоо жана карантиндик коргоо, Органикалык айыл чарбасы департаменттеринин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугуп, алардын алдыда аткарыла турчу иш пландар менен таанышып, көйгөйлөрүн эске алды.

Андан соң Ош облусундагы Өсүмдүктөрдү химиязациялоо жана карантиндик коргоо департаментинин алдындагы лабораториясында болду. Бул лаборатория ата мекендик дыйкандар колдонгон минералдык жер семирткичтердин, тактап айтканда, гербициддердин жана пестициддердин сапатын текшерет.

Мындай заманбап шарттагы лабораторияны Баткен облусуна куруу пландалууда.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button