Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясына топуракты анализдөө үчүн заманбап жабдууларды тапшырды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясына топуракты анализдөө үчүн заманбап жабдууларды тапшырды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү (ФАО) менен түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясында болушту. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясына топуракты анализдөө үчүн заманбап жабдууларды тапшырды.

Министр Аскарбек Джаныбеков: “Адамдардын бекем ден-соолугу топурактын асылдуулугуна байланыштуу болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндө улуттун ден-соолугун сактоо эле эмес, дыйкандардын продукцияларынын сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу, бул өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү”,- деди ал.

Топурактын деградациясы тамак-аш өндүрүшүнө таасирин тийгизип, азык-түлүк коопсуздугу көйгөйлөрүн жаратып, продукциялардын бааларынын туруксуздугун жогорулатып, адамдарды миграцияга кетүүгө мажбурлоодо жана аларды ого бетер аялуу абалга келтирди.

“Кыргызстанда азык-түлүктүн экспорттук кирешенин жана өндүрүшүнүн потенциалы айрыкча, өлкөнүн түштүгүндө эбегейсиз зор. Министр айтып өткөндөй  азык-түлүктүн сапаты топурактун асылдуулугуна байланыштуу. Ошондой эле,  дыйкандар көп жана жакшы түшүм алышы үчүн жер кыртышын талдоо менен үзгүлтүксүз анализ жасап туруусу зарыл”, – деди ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Аднан Куреши.

Мындай жабдыктар ФАОнун  долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк экологиялык фонд тарабынан каржыланып, Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораторияларга өткөрүлүп берилди. Анын жардамы менен адистер эми топурактын курамы жана абалы боюнча өз убагында так изилдөө жүргүзүп, өндүрүлгөн продукцияны өркүндөтө алышат.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button