Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынуучу продукциянын экспорту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Карантинге алынуучу продукциянын экспорту

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 30-июнунан 7-июлуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 6 миң 797 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Экспорттук көлөмү боюнча:

1. Чүй облусунан 4 миң 182 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 410 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан эң көп экспорттолгон продукция: жашылчалар-1875 тоннаны түзүп, Россия, Казакстан, Польша, Украина өлкөлөрүнө экспорттолгон.

2. Ош облусунан 1 миң 577 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 99 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан мөмө-жемиштер 726 тоннаны түзүп, Россия өлкөсүнө экспорттолгон.

3. Талас облусунан 704 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 93 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан буурчак өсүмдүктөрү 309 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Иран, Болгария, Турция Казакстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

4. Жалал-Абад облусунан 224,8 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 19 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан каперсы 95 тонна Турцияга, кургатылган жемиштер 41 тонна Германия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

5. Баткен облусунан 75 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 4 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан арпа 37 тонна, жүгөрү 18, жаңгак 20 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

6. Ысык-Көл облусунан 34,1 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 3 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан Корень солодки 25 тонна Кытай өлкөсүнө жана мөмө-жемиштер 9,1 тонна Казакстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Show More
Back to top button