Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Аламедин районундагы «Ак-Өрүк» фермер чарбасында болгон иш сапар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Аламедин районундагы «Ак-Өрүк» фермер чарбасында болгон иш сапар

Жайыт жана  асыл тукум мал чарба департаментинин  атайын тапшырмасы менен  Аламедин районунун « Ак-Өрүк» асыл тукум ири мүйүздүү мал өстүрүүчү  чарбасына барып, чарбанын ишмердүүлүгү жеринде каралды. 

Чарбанын ишмердүүлүгүн кароодо   Жайыт жана мал чарба департаментинин мал  чарба адистери, Аламедин районунун  агрардык өнүктүрүү башкармасынын  жетекчиси А. Исаев,  райондун мал чарба адистери, техник уруктандыруучу  жана фермер катышты.

Чүй облусунун  Аламедин районундагы «Ак- Өрүк» асыл тукум чарбанын жетекчиси      Екишова        Напий. Жогорку билимдүү адистиги боюнча зоотехник. Учурда  чарбада  60 баштан ашык  асыл тукум малдар багылууда. Анын ичинен 35 баш саан уйлар бар. Жалпы жер аянты  100гектар, анын ичинен 70 гектары сугат, 30 гектар жер аянты кайрак (жер аянтынын 50 пайызын арендага алып иштетет).

Тоют даярдоо боюнча; 2020-жылга   4500 түк  беде жана саман чөптөр, 400 тонна силос  жана  жетишерлик деңгээлде концентраттык тоюттар  даярдалган.

Жасалма жол менен  уруктандыруу боюнча;  Чарбадагы  ири  мүйүздүү малдар жасалма жол менен уруктандыруу  үчүн  уруктук материалдар  ЦАПСтан  300 сомдон сатылып алынып уруктандырылып турат.

Асыл тукум чарбада  жалпы 15 киши жумуш менен камсыз болгон (8 киши мал чарба менен 7 киши талаачылыкта иштешет).  Чарбанын жетекчисине зоотехникалык формалардын кандай толтурулушу  жана жасалма уруктандыруу боюнча учет иштеринин жүргүзүлүшү жөнүндө   кеңеш берилди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button