Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жаныбарларды идентификациялоонун максаттары  – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жаныбарларды идентификациялоонун максаттары 

2021-жылы 628,3 миң баш ири мүйүздүү мал жана 2,4 миң баш чочко идентификациядан өттү. Ошондой эле 2021-жылдын I кварталынан баштап жылкыларды идентификациялоо иш-чаралары толук кандуу башталды. Бүгүнкү күндө 109,5 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, ЖИКСге киргизилди, анын ичинен 2636 баш асыл тукум жылкылар.

Мындан сырткары үй канаттууларды, балыктарды жана аары бал челектерди топтук идентификациялык номерлер менен идентификациялоо иш-чаралары жүргүзүлүп, ЖИКСге каттоо толук кандуу жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө 76 028  бал челектер, 471 көлмөлөр жана 36 үй канаттуулар чарбасы идентификациядан өткөрүлүп, жеке үй чарбалардагы үй канаттуулардын саны учетго алынды.

Жаныбарларды идентификациялоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • ветеринардык максаттар үчүн жаныбарларды локализациялоо жана көзөмөлдөө бул жугуштуу ылаңдарга каршы күрөшүүнүн маанилүү аспектиси болуп саналат;
  • жаныбарлардын саны жөнүндө ишенимдүү маалыматты пайдалануу менен эпизоотияга каршы, алдын алуу-дарылоо жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү;
  • биологиялык коопсуздукту, өндүрүлгөндөр, сатылып жаткан продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө, жаныбардан чыккан азыктардын жана чийки заттардын толук жана ишенимдүү маалыматтарын керектөөчүлөргө берүүнү камсыз кылуу;
  • калктын саламаттыгын камсыз кылуу максатында жаныбарлардан алган азыктарды оперативдүү контролдоо мүмкүнчүлүгү;
  • жаныбарлардын азыктуулук көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, мал чарба продукциясынын рынокторун башкаруу жана болжолдоо үчүн жаныбарлар жөнүндө ыкчам жана ишенимдүү маалыматты алуу;

Коюлган максаттарга жетүү үчүн жаныбарларды идентификациялоонун негизги ролун улуттук маалымат базасы – Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри ойнойт, ал Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы (ЖИКС) деп аталат. Маалыматтар базасында ар бир жаныбар тууралуу маалымат (жеке идентификациялык номери, туулган күнү, жынысы, тукуму же жүндүн түсү, энесинин идентификациялык номери, малдын ден-соолугу тууралуу маалымат (эмдөө, диагностика), ар бир кыймылдын датасы жана союлган же мал союучу жайга жөнөтүлгөн датасы камтылышы керек.

Мындан тышкары, маалыматтар базасында ар бир чарба же үй чарбасы жөнүндө маалымат (идентификациялык номери, аты жөнү жана ээсинин дареги) болушу керек.

«ЖИКС» маалыматтык тутумунун максаты жаныбардын келип чыгышы, жайгашкан жери, жашоо циклинин бардык этаптарында ден-соолугунун абалы – туулушу, эмдөөсү, орун которуштуруусу, ташуусу, союусу (утилизациялоосу). кайра иштетүү жана жаныбарлардан алынган азыктардын өндүрүүсү жөнүндө оперативдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

«ЖИКС» маалыматтык тутумуна ыйгарым укуктуу колдонуучулардын кирүү мүмкүндүгү интернет байланышы бар компьютерлер, ноутбуктар жана смартфондор аркылуу камсыз кылынат.

Show More
Back to top button