Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба тармагы боюнча маалыматтарды алуу үчүн, телеграм боттун “Дыйкан Дос” тиркемесине катталыңыздар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба тармагы боюнча маалыматтарды алуу үчүн, телеграм боттун “Дыйкан Дос” тиркемесине катталыңыздар

Эгерде сизде керектүү документтер жана сертификациялоо боюнча суроолоруңуз болсо, ошондой эле түшүмдүүлүктүн статистикасын билгиңиз келсе же Кыргызстандын айыл чарбасы жөнүндө башка маалыматтарды издесеңиз, анда сиз “Дыйкан Дос” телеграм ботуна туташсаңыз болот.⠀

Бул ыңгайлуу аянтчага төмөнкүлөр кирет:

• Айыл чарба министрлигинин мыйзам долбоорлору, актылары, документтердин шаблондору, айыл чарбасы боюнча маалыматтар жана отчеттору.• Мал чарбачылык жана өсүмдүктөрдү өстүрүү тууралуу реестрге катталуу.

• Маанилүү агроөнөр жай объектилеринин жайгашкан дарегин, түшүмдүүлүк статистикасын көрсөткөн айыл чарба карталары.

• Уруктардын, суунун жана жер семирткичтердин көлөмүн эсептөө үчүн онлайн эсептегич.

• Билим берүү каражаттарынын тизмеси, билим берүү каналдарына шилтемелер.

• Онлайн сатуу платформаларына шилтемелер.

• Кыргызстандагы айыл чарба бирикмелеринин телеграм топторуна кошулуу мүмкүнчүлүгү.

Чат-ботко профиль сүрөттөмөсүндөгү шилтеме аркылуу кошулса болот. Чат-бот дайыма жаңыланып турат, зарылчылыкка жараша жана жаңы маалыматтар пайда болгондо кошуп турабыз.

Ошондой эле, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги үчүн телеграм ботун акысыз иштеп чыккан Mad Aliens компаниясына жана керектүү маалыматтарды топтоп, чат-ботту башкарып жаткан Enactus KRSU командасына терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, учурда продукцияны жетектеп келе жаткан “Айыл маалымат”  мамлекеттик ишканасына дагы терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button