Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2023-2024-жылдын кышкы мезгилине айыл чарба малдарына тоют топтоо боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2023-2024-жылдын кышкы мезгилине айыл чарба малдарына тоют топтоо боюнча маалымат

2023-жылдын аягына карата Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча жалпы республика боюнча 3731188,7 тонна кесек тоют даярдалды, анын ичинен чөп 2644703,3 тонна, саман 449689,7 тонна, сенаж 19065,9 тонна жана чыктуу тоют (тоют кызылча, бахча өсүмдуктөрү) 108863,9 тонна.

Аба-ырайы кургакчылык болгону менен кесек тоют топтоо былтыркы жыл менен салыштырмалуу 98,7-пайызды түздү, же 62227,7 тоннага аз болгону байкалат.

Облустар боюнча алсак, Баткен облусунда былтыркы жыл менен салыштырмалуу кесек тоют топтоо 95,9% түздү, Жалал-Абад облусунда – 99,9%, Ысык-Көл облусунда – 78,2%, Нарын облусунда – 89,7%, Ош облусунда – 101,1%, Талас облусунда – 112% жана Чүй облусунда  – 103,9% түздү.

Отчеттук жылда республика боюнча дан эгиндеринин оруп жыйноо иштеринин жыйынтыгы боюнча, будайдын дүңтүшүмү 440,4 миң тонна, арпанын дүңтүшүмү – 382,0 миң тонна жана жүгөрүнүн дүң түшүмү – 799,9 миң тоннаны түздү. Арпа менен жүгөрү 100% тоют катары жана буудайдын 30% гана тоют катары колдонулат.

2023-2024-жылдарга кыш мезгилинде (декабрь-март) мал башына керектелүүчү тоюттардын көлөмү: кесек тоют (чөп, саман) 3943202,1 тонна, сенаж – 642048,8 тонна, силос – 318835,0 тонна, тоют кызылчасы – 212556,7 тонна жана концентраттар – 714228,7 тоннаны түзөт.

Азыркы учурда республика боюнча кыш мезгилине карата тоюттардын керектелүүчү көлөмү менен салыштырмалуу 94,6 пайыз кесек тоют, 100,0 пайыз концентраттык тоют жана 53,0 пайыз силос даярдалды.

Акыркы жылдары (2021-2022-ж.) республика боюнча орточо бир шарттуу ири мүйүздүү мал башына 7,0-8,0 ц тоют бирдиги даярдалып, бул көрсөткүч зоотехникалык ченемдерден 75% түзөт. Мында тоют бирдиктеринин тартыштыгы фермерлер тарабынан кеч күзгө чейин жаз-күз жана кышкы жайыттарды колдонуу менен камсыздалат, республика боюнча жаз-күзгу жайыттардын аянты 2494,7 миң гектар жана кышкы жайыттардын аянты 1438,3 миң гектарды түзөт.

Тоютка кошумча резерв катары төөбурчакты жыйноодон кийин калган калдыктары, кант кызылчасынын иштелип чыккандан кийинкиси (патока, барда, жом), суу ичимдиктерин өндүрүүдөн калган калдыгы (дробина, угут), май өсүмдүктөрүн иштетип чыгаргандан кийинкиси (жмых, шрот) тоют катары колдонулат, андан тышкары камышты вегетация мезгилинде колдонуу. Малды тоютандурууда саманды кеңири колдонуу сунушталат.

Былтыркы жылы айдалган 53,6 миң га буурчак өсүмдүктөрүнүн, 13,1 мин га кант кызылчанын тоютка жарактуу калдыктарын, 346 миң га көп жылдык чөптү, 113,3 миң га жүгөрү өсүмдүгүн резерв катары кеч күзгө чейин пайдалануу.

Министрлик тоют жыйноо иштеринин жыйынтыгы менен жайыттарды жана бардык тоют резервдерин эффективдүү колдонууда 2023-2024-жылдардагы кыштоо мезгили мал чарба тармагында ийгиликтүү өтөрүн жана тоюттар жетишпестик боюнча маселе болборун билдирет.

Show More
Back to top button