Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министрлигинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери белгиленди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министрлигинде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери белгиленди

4-декабрда, республиканын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлык тапшыруу аземи кесиптик майрамга – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө жана Мамлекеттик айыл чарба кызматынын түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгына карата уюштурулган.

Айыл чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев залга чогулган айыл чарба ишканаларынын кызматкерлерин куттуктады:

Республиканын айыл чарбасын жигердүү өнүктүрүп жана алга жылдырып жаткан түздөн-түз катышуучуларды чоң сыймыктануу жана ыраазычылык менен куттуктап, Сиздин олуттуу салымыңызды белгилейбиз. Биз сиздерди министрлик менен жигердүү кызматташууга чакырабыз, туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө айтып, бизди сындап, өз идеяларыңызды сунуштаңыздар. Биз сиздер үчүн ар дайым ачыкпыз”.

Катышуучулар кызматташуунун маанилүүлүгүн жана жигердүү кызматташууга даяр экендигин белгилешти.

«Мен бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келе жатам жана министрлик бизге биринчи жолу ушундай көңүл буруп жатат. Бул абдан жагымдуу, жаңы толкунду, кластерлер түрүндөгү жаңы долбоорлорду ишке киргизгениңиз үчүн чоң рахмат, биз бул жөнүндө бир гана жолу укканбыз, бирок чындыгында көрө элекпиз. Ошондуктан, биз бул милдеттенмелерди бардыгыбыз колдойбуз жана республиканын айыл чарбасын өркүндөтсө болот жана ал гүлдөп өсөт деп ишенебиз ”, – деп белгилейт “Ак-Куу” ААКтын канаттуулар фабрикасынын директору Нургүл Малабаева.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ишкерлер министрликтин Ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланышты.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button