Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарбасын өнүктүрүү жаатында кыргыз-корей кызматташтыгы бекемделет – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарбасын өнүктүрүү жаатында кыргыз-корей кызматташтыгы бекемделет

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Кыргыз Республикасындагы KOPIA борборунун (KOPIA, RDA) директору Ли Санг-Дук менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты – тараптардын ортосундагы биргелешкен кыргыз-корей долбоорлорун илгерилетүү боюнча кызматташууну өнүктүрүү жана айыл чарба жаатындагы KOPIA борборунун ишмердүүлүгүн талкуулоо.

Тараптар Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кызматташуунун артыкчылык багыттарын талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай министрлигинин министри Т.Токтогазиева кызматташтыктын негизги багыттарынын бири катары, органикалык айыл чарба өндүрүшү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, үрөн өндүрүү ж.б. маселелерге токтолуп өттү.

Өз кезегинде Ли Санг-Дук жогоруда айтылган тармактарда кызматташуу зарылдыгы жөнүндө макулдугун билдирди.

Ошондой эле, Ли Санг-Дук KOPIA борборунун эки тараптуу айыл чарба долбоорлорун жана адистердин алмашуу программаларын иштеп чыгуу боюнча кеңири илимий мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба жаатында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button