Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү

2021-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Айыл,токой жана министрлигинин кезектеги коллегиясы өткөрүлдү.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министри А.Джаныбеков, Айыл чарба комплексин, экология жана аймактарды өнуктүрүү  бөлүмүнүн башчысы А. Кулуев, коллегиянын мүчөлөрү, республиканын облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү,  министрлике караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, бөлүм башчылар жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Кезектеги коллегияда Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин 2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча маселелер каралды.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин орун басарлары А. Мукашев жана И. Марсбек уулу үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды.

Коллегида эки райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларынын аткарган иштери канаттандырарлык эмес деп бааланып, ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми айрымдарына эскертүү, сөгүш жана катуу сөгүш, берилди. Ошондой эле айыл чарба тармагында көп жыл эмгектенген 65 жашка толгон, 6 кызматкерди урматтоо менен эргүүгө узатты.

Айыл,токой жана суу чарба министрлиги эң негизки алты багыттагы приоритеттерин аныктады.

1. Азык түлүк коопсуздугун камсыздоо (дыйкан, фермерлерди – өсүмдүктөрдүн таза, сапаттуу үрөнү менен камсыздоо. Мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү максатында асылдуулугун жогорулатуу)

2. Органикалык айыл чарбасын көтөрүү (Органикалык айыл чарба продукцияны өндүрүү менен дүйнөлүк базарларда атаандаштыкты орнотуу)

3. Учурдагы климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу (Өлкөбүздө жылдан –жылга ээрип, азайып бараткан мөңгүлөрдү сактап калуу максатында көчөттөрдү, бак олтургузуу,  заманбап технологияларды колдонуу менен сугат сууларды туура пайдаланууну колго алуу)

4. Кластерлерди өнүктүрүү (айдап себүүдөн керектөөчүгө чейин)

5. Айыл чарба тармагын санариптештирүү (Республиканын бардык аймактарында айыл чарба тармагын санариптештирүү маалымат алмашуу системасын ыкчамдатуу)

6. Өндүрүлгөн айыл чарба азык түлүктөрдү жаңы базарларга алып чыгууга шарттарды түзүү

Коллегиянын жыйынтыгында министрликтин 2021-жылдагы биринчи кварталдын протоколу бекитилди. Ошондой эле квартал сайын жетекчилердин ишин баалоо боюнча маселелер каралары белгиленди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button