Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Азамат Мукашев: “Макулдашуу эки тараптын соода алакасын жакшыртат” – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Азамат Мукашев: “Макулдашуу эки тараптын соода алакасын жакшыртат”

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Түркия Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары менен Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министринин орун басарынын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жыйында Өкмөттөр аралык комиссиянын 9-отурумунун иш-аракеттеринин негизинде, ошондой эле Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу жүргүзүлгөн айыл чарба тармагындагы учурдагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Ошондой эле, эки тараптын ортосунда айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана Түркия Республикасына бодо малды жана майда бодо малдын этин экспорттоого квота алуу жаатында келечектеги кызматташуу пландары талкууланды.

Иш сапардын негизги максаты, эки тараптуу жолугушуунун алкагында, 9-июнда кол коюлган өсүмдүктөрдү карантиндик коргоо жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Фитосанитардык карантиндик зыянкечтердин ташылып келишинин жана жайылышынын алдын алуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Министрдин орун басары Мукашев А.Ф. макулдашуу эки тараптын соода алакасын жакшыртат деген ишенимин билдирди.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button