Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Товардык кампаларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

Товардык кампаларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо

Айыл чарба Министрлиги  (айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары) Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 “Кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтому менен бекитилген Кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кампа ээлеринин арызынын жана тиешелүү документтеринин негизинде кампаларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоону жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күнү Бирдиктүү мамлекеттик реестрге 7 айыл чарба продукцияларын сактоочу товардык кампа киргизилди, алар:

– Чүй облусунан – 2: ОсОО «Экопродукт Азия», ОсОО «Агропродукт Азия»,

– Бишкек ш. – 3:  ОсОО «Бай Элим Компани», ОсОО «Интарс», ОсОО «ВиГ»,

– Нарын облусунан- 1: ОсОО «Семеной картофель»,

– Таласс облусунан-1:  Коператив «Досбай-Ата»

Товардык кампалардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин ссылкадан караңыз: SKLADS.KG

Back to top button