Айыл чарба тармагын санариптештирүү максатында Айыл чарба министрлигинин алдындагы “АгроСмарт” мамлекеттик ишкана жана Кыргыз-Орус славян университетинин Enactus командасы “ДыйканДос” деген телеграм бот жасашты. Бул ботту ар бир фермер онлайн жардамчы катары колдонсо болот.

Эгерде силерде документтер же сертификаттар боюнча суроолоруӊар болсо, түшүмдүүлүк статистикасы же башка айыл чарба тармагындагы маалыматка муктаж болсоӊор “ДыйканДос” телеграм ботун жүктөп алып сурооӊорго жооп тапсаӊар болот.

”ДыйканДостогу” маалымат:

  • мыйзамдар, актылар, шаблондор жана Айыл чарба министрлигинин акыркы маалыматтары, отчёттору;
  • мал чарба жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн реестрлери;
  • айыл чарба карталары;
  • урөөндун, суунун жана жер семирткичтердин көлөмүн онлайн эсептегич;
  • онлайн билим берүүчү курстардын жана каналдардын тизмелери;
  • онлайн сатык платформаларына шилтемелер;
  • Кыргызстандагы айыл чарба тармагындагы ассоциациаларынын телеграм группалары.

Чат-ботту профилден тапсаӊар болот. Ага дайыма жаӊы маалымат киргизилип турат.

Бул долбоор “Сорос-Кыргызстан” Фондунан каржыланган.