Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Аскарбек Джаныбеков Уругвайга болгон иш сапарынын алкагында Уругвайдын Мал чарба, айыл чарба жана балык чарба министри Фернандо Маттос Коста мырза менен жолугушту – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Аскарбек Джаныбеков Уругвайга болгон иш сапарынын алкагында Уругвайдын Мал чарба, айыл чарба жана балык чарба министри Фернандо Маттос Коста мырза менен жолугушту

2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбековдун Уругвайга болгон иш сапарынын алкагында Уругвайдын Мал чарба, айыл чарба жана балык чарба министри Фернандо Маттос Коста мырза менен жолугушуп, айыл чарба тармагындагы  мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери менен биргеликте Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулашты.

Министр Аскарбек Джаныбеков Улуттук айыл чарба илим изилдөө институтунун иши менен таанышты. Бул институт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болуп саналат жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу жана өз убагында маалымат менен камсыз кылуу үчүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ошондой эле жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле, Аскарбек Джаныбеков иш жүзүндө малды чиптөө жана көзөмөлдөө системасын, эл аралык рыноктордо жергиликтүү айыл чарба продукциясынын жогорку сапатын жана баасын камсыз кылуучу башка процесстерди көрдү. Кичинекей өлкө катары Уругвай жогорку сапаттагы этке кепилдик берүү менен кошуна өлкөлөр менен ийгиликтүү атаандашат жана эт азыктарын бүткүл дүйнөгө, анын ичинде Кытай, Израиль жана ЕБ өлкөлөрүнө экспорттойт.

Министр Уругвайдын Өкмөтүнө жана Татьяна Проскурякованын атынан Дүйнөлүк банкка Кыргызстанга пайдалуу боло турган алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны чакырып, көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун Уругвайга болгон иш сапарынын максаты Кыргызстандын айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн аларды адаптациялоо жана Кыргыз Республикасында колдонуу максатында эл аралык мыкты тажрыйбаларды изилдөө болуп саналат.

Show More
Back to top button