Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-сентябрындагы №561 “Кыргыз Республикасындагы табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө” токтомуна ылайык, көлмө-сууларды балыкчылык, балык уулоо жана балык өстүрүү максаттары үчүн колдонууга берүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Сынакка 6 көлмө коюлуп, анын ичинен 4 көлмөгө арыз түшкөн, жалпысынан 8 жеке жана юридикалык жактар сынакка катышуу үчүн документтерин тапшырышты.
Критерийлердин жана баалоо таблицасынын негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар сынактын жеңүүчүлөрү болуп эсептелди:
1. Лот 326 – Катышуучу 1, (Койчукенов У.Дж.) упайлардын саны 648;
2. Лот 66 – Катышуучу 1, (Токтобачаев К.Ж.) упайлардын саны 640;
3. Лот 644 – Катышуучу 1, (Бапаев Т.) упайлардын саны 628;
4. Лот 592 – Катышуучу 1, (Молдоев Э., Молдоев Н.) упайлардын саны 621.