Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын экинчи жарымында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата, Кызыл-Өзгөрүш, Үч-Терек, А.Сүйөркулов, Бел-Алды, Кетмен-Төбө, Ничке-Сай жана Жаңы-Жол айыл округдарындагы жана май айынын үчүнчү декадасында Тогуз-Тороо районунун Тогуз-Тороо, Сары-Булуң, Атай жана Көк-Ирим айылдык округдарындагы көп жылдык чөптөргө зыян келтирген күздүк үкүчө куртуна каршы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Токтогул району боюнча Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан 983 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен күздүк үкүчө 426 гектар аянтта таркалганы аныкталды. Департаменттин адистеринин жеринде жүргүзүлгөн практикалык жардамынын жана кеңештеринин негизинде дыйкандар тарабынан 420 гектар аянтта күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Тогуз-Тороо району боюнча жалпы 2020 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 562 гектар аянтта күздүк үкүчө таркалганы аныкталган. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан жүргүзүлгөн практикалык жардамдардын жана кеңештеринин негизинде, 2023-жылдын 12-июнуна карата үкүчө таркалган 562 гектардын 281 гектары химиялык иштетүүлөрдөн өттү.
Аталган райондордо жүргүзүлгөн күздүк үкүчөгө каршы күрөшүү чаралары зыянкечтин көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүн алдын алды.
Маалымат үчүн. Күздүк үкүчө (Озимая совка) Үкүчөлөр (же түнкү үкүчөлөр) [Noctuidae] түркүмүнө кирген көпөлөк. Өсүмдүктү тандабай жеген зыянкеч болуп эсептелет, жана жашылча, бахча, дан эгиндери, көп жылдык чөптөр, жүгөрү, пахта, күн карама, тамеки, жүзүм ж. б. өсүмдүктөрдү жабыркатат.
Кыргызстандын шартында 2-3 муунда өнүгөт.
Морфологиясы. Көпөлөгү канатын жайган абалда 3-4,6 см. Гусеницасынын (айыл чарбасына гусеницалары зыян келтирет) узундугу – 4-5 мм. Өңү – жер өңдүү боз, майланышкан жалтырак. Артында жана капталдарында узатасынан кара сызыкчалар бар. Башы сары.
Өнүгүүсү. Көпөлөктөрдүн учуулары март-апрель айларына туура келет жана учуулар +16…17°Cда массалык түрдө байкалат. Учуулар 20 күн созулуп, ошол эле учурда жупташуу жана жумуртка таштоо болот. Бир ургаачы 470-2200 жумуртка таштайт. Жумуртка 5-24 суткада жетилет. Гусеницасы 24-36 сутка жашайт.
Гусеницалардын тамактануусу кечинде жана түнүчүндө жүрөт. Күндүз топурактын үстүңкү катмарында жашырынып жатат.
Зыянкечтин экинчи мууну сентябрь-октябрь айларында чыгып, өсүмдүктөрдү жабыркатып, кыштоого топуракка 10-25 см тереңдикке сүңгүп кирип кетишет.
Жазында гусеницалардын активдешиши жана топурактын өйдөңкү катмарга көтөрүлүшү – топурактын 20 см катмарынын +10°C градуска көтөрүлүшү менен башталат.
Күрөшүү чаралары.
Агротехникалык ыкма: жумуртка таштоо учурунда культивация жүргүзүү, жашылча ж. б. пропашной өсүмдүктөрдүн орто аралыктарын жумшартуу, отоо чөптөрдөн арылуу, жазгы терең айдоо, сугат аянттарын сугаруу.
Биологиялык ыкма: Өсүмдүктөргө Лепидофит биологиялык пестицидин чачуу. Трихограмма энтомофагын коё берүү.
Күрөшүүдө колдонулуучу инсектициддер.
Вегетация учурунда Хлорпирифос+циперметрин (Нурелл-Д), Тиаметоксам+лямбда-цигалотрин (Энджио), Лямбда-цигалотрин (Каратэ), Бифентрин (Талстар), Циперметрин (Арриво), Ацетамиприд (Моспилан) ж. б. инсектициддер кечинде жана түнкүсүн чачуу сунушталат.