Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба министри А. Джаныбековдун Монголия мамлекетине болгон иш сапары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба министри А. Джаныбековдун Монголия мамлекетине болгон иш сапары

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А. Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Монголия мамлекетинин Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг баштаган делегациянын расмий жолугушуусу болуп өттү.

Расмий жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен моңгол-кыргыз ишканаларын түзүү маселери каралды.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин компетенциясына тиешелүү маселелерди талкууланып, ветеринария, токой чарбасы, ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечими кабыл алынды.

Кыргыз тарап Монголиянын президенти тарабынан демилгеленген “Миллиард дарак” улуттук кыймылын колдоо менен кыртышты баалоо, жайыттардын деградациясына каршы күрөшүүдө техникалык колдоо көрсөтүү максатында токойду пайдалануу жана агрономия тармагындагы алдыңкы адистерин жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Монголиянын климаттык шарттарына ылайык келген 1 миллиондон ашык көчөттөрдү берүүгө даяр. Өз кезегинде монгол тарап климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз делегациясын 2026-жылы Монголияда өтө турган жерлердин кайрак жерге айлануусуна каршы күрөшүү боюнча саммитке катышууга расмий чакырды.

Мындан тышкары, жолугушууда Монголиядан эт жана эт азыктарын импорттоого чектөөлөрдү алып салуу маселелери талкууланды. Бул кадам соода байланыштарын бекемдөөгө жана айыл чарбасында өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле тараптар айыл чарба секторун жана өз ара экономикалык өнүгүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзгөн Кыргызстандан Монголияга жашылча-жемиш берүүнү көбөйтүү келечегин талкуулашты. Мындан тышкары, тараптар соода жана товар алмашууну өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ болгон эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты.

Кыргыз Республикасы менен Монголиянын расмий делегацияларынын бул жолугушуусу эки өлкөнүн ортосундагы экономика, айыл чарба, соода жана экология сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Келишимдерди жана меморандумдарды талкуулоо жана кол коюу эки тарапка тең мамилелерин бекемдөөгө жана жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга карай алдыга жылууга мүмкүндүк берет.

Show More
Back to top button