Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ысык-Көл облусунун дыйкандарына мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдуулар берилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ысык-Көл облусунун дыйкандарына мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдуулар берилди

Бүгүнкү күндө тармакты натыйжалуу өнүктүрүүнүн негизги милдеттеринин бири – жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын өндүрүү, агрардык сектордун экспорттук потенциалын жогорулатуу. Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу жана натыйжалуу өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыты катары инновациялык агротехнологияларды киргизүү жана аны жогорку өндүрүмдүү айыл чарба техникалары менен жабдуу негизги маселе.

«Эко Ферма» дыйкан-фермердик чарбасы «Кыргыз Республикасындагы чакан фермердик чарбаларга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, алманы жана башка мөмө-жемиштерди өстүрүү жана аны кайра иштетүү (кургатуу) технологияларын окутуу аркылуу кирешени жогорулатуу” аталышындагы кореялык Center KOPIA Kyrgyzstan пилоттук долбоорунун алкагында чакан чарбаларга кургатуучу жабдууларды сатып алуу менен аны пайдалануу боюнча практикалык окууларды өткөрүп жатат.

Пилоттук долбоордун максаты – корей жана кыргыз өндүрүшүнүн кургатуучу жабдыктарына алмаларды кайра иштетүүнүн жаңы технологиясын киргизүү аркылуу экспорттук потенциалды кеңейтүү жана жумуш орундарды түзүү. Долбоордун иши биринчи кезекте фермерлерди консолидациялоого, кургатуу технологиясын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, маркетинг стратегиясын иштеп чыгууга жана кургатылган алманы жана башка мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жайылтууга багытталат.

Бул пилоттук долбоорго Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 6 айылы, Жети-Өгүз районунун 2 айылы, ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1 айылы жана Ысык-Ата районунун 1 айылы тандалып алынган.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун мезгили: 2021-жылдын август жана 2023-жылдын декабрь айлары

KOPIA долбоорунун алкагында «Эко Ферма» дыйкан-фермердик чарбасы долбоорду ишке ашырууну 2021-жылдын август айында баштаган. 2021-жылдын августунан 2022-жылдын июнуна чейин «Эко Ферма» дыйкан-фермердик чарбасынын командасы  белгиленген мөөнөткө коюлган милдеттерди аткарды жана күтүлгөн  натыйжаларга жетишти.

Акыркы 11 айда төмөндөгүдөй жыйынтыктарга жетишти:

  • Дыйкандардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү багытында:
  • Чүй облусунун 2 районунан жана Ысык-Көл облусунун 2 районунан фермерлерди тандалды жана ишке тартылды;
  • Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды органикалык өстүрүү боюнча 170 фермерге 6 тренинг жана практикалык семинарлар өтүлдү;
  • Адистештирилген окуу жайлары үчүн 10 практикалык семинар уюштурулду;
  • Талаа иштерине жана дыйкандардын жерине 12 ирээт мониторинг жүргүзүлдү.
  • Органикалык продукциянын рыногун өнүктүрүү:
  • Көргөзмө-жарманкелерге катышуу. Долбоордун алкагында өндүрүлгөн  жана кургатылган айыл чарба азыктарын көрсөтүү жана даамдоо;
  • Кирешенин өсүү темпи: 2021-жылдын декабрына карата: Ысык-Көл облусунун фермеринин үй-бүлө кирешеси 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 19%га өстү;
  • Корей өндүрүмүндөгү кургатуучу 2 жабдык сатып алуу жана мөмө-жемиштерди кургатуу;
  • Кыргызстанда өндүрүлгөн кургатуучу 10 жабдык сатып алуу.

2023-жылдын аягына чейин долбоордун негизги милдеттери:

  • Маалыматтарды чогултуу жана талдоо, мөмө-жемиш азыктары көп өндүрүлгөн аймактар боюнча маалымат базасын түзүү;
  • Кургатылган азыктардын (мөмө-жемиш) баасын аныктоо жана жемиштерди чийки зат катары пайдалануу үчүн рынокту изилдөө;
  • Рынокту маркетингдик изилдөө жана кургатылган жемиштердин экспорттук потенциалын аныктоо;
  • Мөмө-жемиш кластерин түзүү мүмкүнчүлүгү аркылуу кургатылган жемиштерди өндүрүүнүн негизинде чарбаларды ирилештирүү;
  • Эл аралык рынокко чыгуу.

Show More
Back to top button