Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КМШга мүчө мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Координациялык кеңешинин видеоконференция отуруму болуп өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

КМШга мүчө мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Координациялык кеңешинин видеоконференция отуруму болуп өттү

2020-жылдын 27-августунда КМШга мүчө мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Координациялык кеңешинин отуруму видеоконференция форматында болуп өттү.

Жогоруда аты аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Марсбек у Илич катышты. Ошондой эле Армения Республикасынын, Беларуссия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, КМШнын Аткаруу комитетинин жана “ВНИИКР” ФСБинин өкүлдөрү да катышты.

Видеоконференциянын катышуучулары куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттердин ортосундагы КМШ алкагындагы кызматташтыктын жана аны андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 2019-жылындагы КМШга мүчө мамлекеттеринин аймактарында карантиндик фитосанитардык абалы, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясы пандемиясынын негизинде өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кырдаал жөнүндө кыскача токтолуп өтүштү. Өз сөздөрүндө өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз ара пайдалуу кызматташууга үмүттөнүп, бири-бирине жемиштүү сүйлөшүүлөрдү каалашты.

Жогоруда аты аталган жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Марсбек у Илич сөз сүйлөгөндүгүн маалымдайбыз. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы карантиндик фитосанитардык абалы, ошондой эле департаменттин акыркы жылдардагы жетишкендиктери жөнүндө кыскача токтолуп кетти.

Жыйынтыгында жыйындын күн тартибине ылайык, жогоруда аталган Координациялык кеңештин бир катар чечимдери кабыл алынгандыгын маалымдайбыз.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button