Республиканын фермердик чарбаларына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз МЧжЖ ИИ Институтунун биотехнологиялык бөлүмүндө өндүргүч букалардын уруктарын сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бөлүмдүн базасында айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча техник- осеменаторлорду окутуп үйрөтүүгө баардык шарттар түзүлгөн жана алынган уруктарды тоңдуруу учун заманбап жабдуулар орнотулган.
Азыркы учурда бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан алынган уруктарды фермерлерге таратуу иштери жана техник- осеменаторлорду окутуу боюнча даярдыктар жүрүүдө.
Бугунку күндө жогорку сапаттагы урук алуу учун 1.3 жаштагы 2 баш абердин-ангус жана 1,5 жаштагы 2 баш швиц породасындагы өндүргүч букалар сатылып алынып, аларды урук алууга үйрөтүлүп келечекте фермерлерге таратуу учун тоңдурулуп жатат.