Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Республикада минералдык жер семирткичтерге муктаждык жаралбайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Республикада минералдык жер семирткичтерге муктаждык жаралбайт

2023-жылдын 16-майына карата республикага жалпысынан 76,4 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинди, а. и. азоттук жер семирткичтер – 57,9 миң тонна, фосфордук жер семирткичтер – 17,9 миң тонна жана калийдик 0,6 миң тонна.

2022-жылдын ушул мезгилинде республикага жалпы 64,2 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинген, а. и. азоттук жер семирткичтер – 43,6 мин тонна, фосфордук жер семирткичтер – 19,5 миң тонна жана калийдик жер семирткичтер – 1,1 миң тоннаны түзгөн.

Быйылкы азыктандыруу мезгилине 2022-жылга салыштырмалуу 12,2 мин тоннага көп ташылып келинди.

Минералдык жер семирткичтерге болгон баалар 2023-ж:

-аммиак селитрасы 1 кг үчүн – 34,0-44,0 сом

– карбамид 1 кг үчүн – 42,0-49,0 сом.

Минералдык жер семирткичтерге болгон баалар 2022-ж:

-аммиак селитрасы 1 кг үчүн – 39,0-50,0 сом

– карбамид 1 кг үчүн – 47,0-62,0 сом.

Былтыркы жылга салыштырмалуу баалар 5-6 сомго арзан болууда.

Республикада керектүү минералдык жер семирткичтердин бар экендигин эске алуу менен, ага болгон муктаждык жаралбайт.

Show More
Back to top button