Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 32 “Чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечиминин негизинде, 1701 13 жана 1701 14 ТЭИ ТН коду менен Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен иштетилбеген камыш кантын ташып келинүүгө документтерди кабыл алат.
Керектүү документтердин тизмеси:
– байланыш маалыматтары менен бланктагы арыз;
– уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү;
– ак кантты, иштетилбеген кантты жеткирип берүүгө контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– контракт боюнча төлөнгөнүн же контракт боюнча товардын жүктөп жөнөтүлгөнүн ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларациянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген кантты максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;
– өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– документтер өкүлү аркылуу берилген учурда – ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;
— байлагыч (скорошиватель).
Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнө кайрылыңыздар, телефон номерлери: +996312623644, +996999766655.