Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2021-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2021-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 36-б буйругун аткаруу максатында, министрлик Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен биргеликте  2021-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүнүн аянтын иштеп чыгууда, ар бир региондордун азык-түлүк   коопсуздугун эске алуу менен 2020-жылдын түшүмүнө карата күздүктүн аз себилгендигин жана республика боюнча акыркы 10 жылдагы күздүктүн  орточо көрсөткүчтөрүн эске алуу менен кылкандуу дан эгиндеринин себүү структурасы иштелип чыгылды.

Кризистик шартта  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Антикризистик программасына ылайык,  өлкөнү  нан азык-түлүгү менен камсыз кылуу максатында   күзгү буудайдын эсебинен,  буудай аянтын 300 миң га чейин кеңейтүү максатында,  2021-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндеринин  себүү аянты  232 миң га түзүп, анын ичинен 220,0 миң га күздүк буудай жана 12 миң га арпа сунушталууда.

Аталган маселе боюнча  Министрдин 28-августундагы № 232 буйругу менен райондук агрардык башкармалыктарына  жеткирилген.

Күздүк айдоо иштерини темпин тездетүү боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча чечкиндүү чара көрүлүп, күздүк себүүгө керектелүүчү кылкандуу дан эгиндеринин  үрөндөрүн, үрөнчүлүк чарбалар жана башка чарбалык субьектер тарабынан себүү кондициясына жеткирүүдө көйгөйлөрдү  жоюу боюнча аракеттер жасалууда.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн берген ыкчам маалыматына ылайык,  бүгүнкү күнгө республика боюнча 77 миң гажерге  күздүк себүү үчүн айдалды.  Республика боюнча 27,8 миң га жер аянтка күздүк себилди, же программа 12 % аткарылды. Өткөн жылы ушул эле учурда  12,3 миң га  себилген, же быйылкыга караганда 15,7 миң га  төмөн.   Ошондой эле 26,2 миң га жерге күздүк буудай себилип, программага карата  11,9 %, же өткөн жылга салыштырганда 15,4 миң га жогору, ал эми  күздүк арпа программага карата  1,6 миң га, же 13,3%,  же өткөн жылга караганда  0,3 миң га көп.

 Облус боюнча алсак, Ысык-Көл облусу күздүк буудай  4,0 миң га, же 21,6% программага, Баткен облусу – 0,8 миң га, же 7,6 %, Талас облусу – 3,4 миң га или 35,8%, Чүй облусу 16,2 миң га, же 13 %, Жалал-Абад облусу – 1,1 миң га, же 4,7 %, Ош облусу – 0,7 миң га, же 2,2 % түздү.

Күздүк себүү иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад Баткен облустарында азырынча   күздүк себүү программасын аткаруу төмөнкү деңгээлде  болууда. Ал эми республикабыздын түштүк облустарында күздүк себүү ноябрь айында дагы толугу менен жүргүзүлөт.

Күздүк себүү иштеринин акырындык менен жүргүзүлүшүнүн  себеби жер кургак болгондуктан, жерлерди сугаруу иштерин жүргүзүүгө туура келүүдө. Ал эми сугаруу иштери дагы бир топ убакыт талап кылууда.

Жогорудагы маселе боюнча министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы баардык өкүлчүлүктөрүнүн дарегине жер-жерлерде күздүк себүү иштерин себүү темпин тездетүүнү колго алуу жөнүндөгү  бир топ жолу кайрылган.

Айтып кетүүчү нерсе, себүүнүн оптималдуу убагы Ысык-Көл жана Талас облустарында  20-октябрдан баштап негизинен  бүткөнүнө карабастан 1- ноябрга чейин жүргүзүшөт. Ал эми   Чүй облусу боюнча себүү убактысынын бүтүшү 1 – ноябрь болуп эсептелет. Аба ырайы жылуу болгондуктан жогорудагы облустарда күзгү себүү иштери уланууда.

Быйылкы жылы күздүк айдап-себүүгө негизинен 46,2 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү керектелет, анын ичинен күздүк буудай үрөнү 44,0 миң тонна жана күзлүк  арпа үрөнү 2,1 миң тоннаны түзөт.

Ушул жылдын  9 октябрына карата республикабыздын региондорунда 37,2 миң тонна үрөн топтолду, ал керектөөнүн 76,0 пайызын түзөт, анын ичинен күздүк буудай үрөнү  34,9 мин   тонна топтолуп   78,7 % ке,  арпа үрөнү 1,9 м мин тоннага даярдалып  98,1 % ти түздү.

Жетпеген үрөн материалдары дотация системасынын негизинде, республикалык үрөн фондусу жана облус ичиндеги даярдалган үрөндүк материалдар менен камсыздалат.

Күйүүчү-майлоочу материалдар менен 70% камсыдалып, күн ара өсүүдө. Ошондуктан, КММ   жоктугу менен байланышкан көйгөйлөр  жок. Учурда күздүк себүүгө айыл чарба техникаларынын даярдыгы жогору 84%-94% чейин,  анын ичинен тракторлор  90%, жер айдоочу шаймандар – 85%, сепкичтер – 84% жана малалар- 92%.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button