Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Изилдөө иштеринин жүрүшү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Изилдөө иштеринин жүрүшү

20018- жылы КыргМЧЖИИИ, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти жана химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте  “Карагана менен күрөшүү” долбоору аркылуу Суусамыр айыл аймагында тосулган 10 га аянтта жумуш аткарды. Глифасат (4,6,8 кг/га дозасында) жана гарлондекс (2,2 3,6 5,0 кг/га дозасында) гербициддеринин натыйжалуулугу изилденди. Глифасаттын себүү дозасына карабастан ал жердеги караганалардын 40 тан 53 % га чеийн жок болуусу катталган, бирок, ошол эле маалда айланасындагы тоют өсүмдүктөрүнүн баары куурап калган, бир нече убакыттан кийин карагана кайра өсүп жандануусу байкалган. Гербицид гарлондексти колдонгондо карагананын жок болуусу 90% дан жогору болгон, кайра жаш өскөн карагана жокко эсе, тоют өсүмдүктөрү (бетеге, арпакан, каз таман ж.б.) толугу менен сакталып калган. Гербицид гарлондекс 3,6 кг/га дозасын колдонуу башкалардан айырмаланып карагананы 90% дан жогору жок кылып, тоют өсүмдүктөрүн сактап калуусу менен айырмаланды.

2019-жылы тажрыйба аянтында байкоолор улантылды, гербицид глифосат карагананы жок кылбаганы байкалды, тескерисинче карагананын кайра өсүшүн күчөткөн жана ошондой эле тоют өсүмдүктөрүн (кылкандуу, чанактуу)  толугу менен жок кылган. Препарат гарлондекс себүү дозасына карабастан карагананы 90% жок кылган, жазында кайра өсүүсү аз санда болгон, бирок сентябрь айында кайра жанданып жаңы чыккандары бир аз байкалган.

2020-жылдын июнь айында тажрыйба аянтында байкоолор жүргүзүлдү, жыйынтык мурунку жылдагыдай эле болду. Жайыт пайдалануучулар гербицидди булганган жайыт аянтарына колдонуудан мурун, гербициддин колдонуу мөөнөттөрүн, куураган караганалардын чирип жок болушун изилдеп, тактоо үчүн КыргМЧЖИИИ, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти жана ОССО “Бай-Дыйкан” адистери Суусамыр өрөөнүндө иштерди улантууда. Суусамыр өрөөнүндөгү мал жайган жайыт пайдалануучулар менен жолугушуу болду. ЖПБ жана ЖК менен биргеликте Панфилов районунан 1200 га жер изилденип 100 гектар пилоттук аянт тандалып алынып, 12-13 июнда гербицид гарлондекстин 3,6 кг/га дозасын колдонду. Сентябрдын аягында адистердин тобу тажрыйба аянтына барып караганага себилген 3,6 кг/га дозасындагы гарлондекс гербициддин сапатын баалашты, жыйынтыгында 100% карагананы жоготкондугу жана тоют өсүмдүктөрүнүн толук сакталып калгандыгы билинди, кайра жанданган карагана билинбейт.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button