Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды

2023-жылдын 23-мартындагы №66 Президенттин буйругу менен  “Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды.

Жаңы мыйзамдын негизги максаты органикалык өндүрүштү укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана жайылтуу  үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, кепилдиктер системасын киргизүү болуп саналат. Керектөөчүлөр үчүн органикалык азыктардын коопсуздугу үчүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана органикалык азыктардын экспортун көбөйтүү. “Органикалык өндүрүш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  жаңы редакциясы органикалык өндүрүштү жөнгө салууга системалуу мамиле жасоону уюштурууну сунуш кылат жана органикалык продукцияны өндүрүү, сертификациялоо, стандартташтыруу, кайра иштетүү, чогултуу, кайра иштетүү, сактоо, ташуу, таңгактоо, маркалоо, жарнама, маркетинг, сатуу, импорттоо, экспорттоо процесстерине тиешелүү ченемдерди регламенттөөнү камтыйт.

Бул учурда, жөнгө салуу процесси органикалык продукциянын кеңири спектрин камтыйт:

  1. жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган өндүрүмдүн, анын ичинде балык өстүрүү, балчылык өндүрүмдү кошо;
  2. айыл чарбасынан алынган кайра иштетилген өнүмдөр;
  3. тоют (тоют өнүмдөрү);
  4. вегетативдик үрөн материалдары жана өстүрүү үчүн уруктар;
  5. тамак-аш же тоют өндүрүм катары пайдаланылуучу ачыткылар;
  6. токойдон, жапайы өсүмдүктөрдөн жана өсүмдүктүн чийки заттарынан чогултулган жана кайра иштетилген өндүрүм;

Ушул Мыйзамдын күчү өздүк керектөө үчүн өндүрүлгөн органикалык өндүрүмдү өндүрүү, жүгүртүү жана маркалоо менен байланышкан мамилелерге, жапайы жаныбарларга аӊчылыктан жана балык уулоодон алынган өндүрүмгө жайылтылбайт. 

Милдеттери:

Бул мыйзам төмөнкү негизги милдеттерди ишке ашырууга багытталган:

– адамдардын ден соолугун, азыркы жана келечек муундардын жыргалчылыгын жакшыртуу жана коргоо;

– жерибизди сактап, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу менен, аны урпактарыбызга татыктуу өткөрүп берүү;

– айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, органикалык өндүрүш чөйрөсүндө экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо;

– ички рынокту өнүктүрүү, органикалык продукцияны импорттоо жана экспорттоо, органикалык өндүрүштүн, коомдун жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын координациялоо үчүн шарттарды түзүү;

– органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана органикалык продукциянын жүгүртүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аларды кара ниет атаандаштыктан коргоо;

– органикалык өндүрүштүн, органикалык продукциянын эрежелерин жана шарттарын аныктоо, органикалык өндүрүштүн жана органикалык продукцияны жүгүртүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык келишин камсыздоо;

– органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана органикалык продукциянын жүгүртүүсү жөнүндө маалыматтардын эркин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

– реалдуу жана жетүүгө мүмкүн болгон көрсөткүчтөрдүн негизинде органикалык продукцияны жүгүртүү жана маркировкалоо үчүн шарттарды түзүү;

– органикалык продукциянын коопсуздугу үчүн шарттарды түзүү жана керектөөчүлөрдү алдамчылыктан, жалган маалымат берүүдөн жана контрафакттык продуктуну сатып алуудан коргоо;

– органикалык продукцияны ак ниеттүү өндүрүүчүлөрдү органикалык өндүрүш жана органикалык продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына жооп бербеген продукцияны өндүрүүчүлөрдөн коргоо;

– органикалык өндүрүш жана органикалык продуктулар маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде коомчулуктун пикирлерин, кызыкчылыктарын жана катышуусун эске алуу үчүн коомчулуктун маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу;

– Кыргызстанды дүйнөлүк аренада экологиялык таза, органикалык продуктулардын өлкөсү катары көрсөтүү;

– эл аралык деңгээлдеги жеткиликтүү сертификат алуу үчүн шарттарды түзүү;

– органикалык чарбалардын жана органикалык аймактардын санын көбөйтүү;

– ЖОЖдор менен бирдикте органикалык жана экологиялык айыл чарбасын башкаруу жана контролдоо боюнча адистерди даярдайт;

– ички сертификаттоо тутумун иштеп чыгууга шарт түзөт.

Максаттар:

Органикалык жерлердин көлөмүн көбөйтүү. Экологиялык таза, органикалык айыл чарба азыктарын өлкөбүздүн жашоочулары үчүн гана эмес, ошондой эле биздин конокторубуз үчүн да камсыз кылуу.

Show More
Back to top button