Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын делегациясы БУУнун суу ресурстары боюнча 2023-жылдагы конференциясынын жалпы дебатында билдирүү жасады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын делегациясы БУУнун суу ресурстары боюнча 2023-жылдагы конференциясынын жалпы дебатында билдирүү жасады

2023-жылдын 23-мартында, Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев БУУнун 2023-жылдагы суу ресурстары боюнча конференциясынын жалпы дебатында билдирүү жасады.

А.Сокеев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы суу ресурстарына жана аларды натыйжалуу пайдаланууга, социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу принциптерин киргизүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өлкөнүн жетекчилиги мыйзамдарды, анын ичинде Суу кодексин жаңылоо процессин баштагандыгы жана 2023 – жылдын февралында суу ресурстары чөйрөсүндө негиз болуучу программалык документ, Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алынгандыгын баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы ошондой эле азыркы учурда Кыргызстан ирригациялык жана энергетикалык инфраструктураны реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын маалымдады. Муну менен бирге суунун экономикалык баалуулугун белгилеп, сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүү чыгымдары ошого жараша төлөнүшү керектигин баса белгиледи. Белгиленгендей, Кыргызстан жогорку өлкө катары Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу компенсациялык механизмди түзүүнү сунуш кылат жана илгерилетет.

Show More
Back to top button