Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстанда жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтүү

2023-жылдын 23-мартында, Айыл чарба министрлигинин кичи залында «Кыргызстанда жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында аткарыла турчу иштер туурасында талкуу өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү, ошондой эле корей тарабынан долбоордун менеджерлери Чой Мин Янг жана Чун Жин Ким мырзалар катышты.

Сүйлөшүүнүн жана талкуулоонун жыйынтыгында эки тарап тең өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө долбоор боюнча талкуунун протоколун, ошондой эле «Техникалык тапшырмаларды» бекитүүгө берүү жөнүндө биргелешкен чечим кабыл алышты. Бул долбоор төмөнкүлөргө багытталган:

• жашылча үрөнүнүн санын жана сапатын жогорулатуу;

• жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн инфраструктуралык базаны жакшыртуу;

• Жашылча үрөнүн ички камсыздоонун туруктуу системасын түзүү.

Долбоордон төмөнкүлөр күтүлөт:

• жашылча үрөнүн өндүрүү, кайра иштетүү жана сыноо үчүн объектти куруу;

• жабдуулар менен камсыз кылуу;

• кореялык эксперттерди жөнөтүү;

• Кореяда окуу программаларына чакыруу;

• Кыргызстанда потенциалды жогорулатуу үчүн жергиликтүү окутуу программалары.

Долбоорду ишке ашыруу 2022-жылдан 2025-жылга чейин 48 айга эсептелген.

Долбоор Кыргыз улуттук агрардык университетинин резервинде турган Чүй облусунун Сокулук шаарындагы 8,2 га айыл чарба жеринде ишке ашат.

Show More
Back to top button