Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына болгон керектөө жана камсыздоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына болгон керектөө жана камсыздоо

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн 2023-жылдын 24-мартына карата республикага бардыгы болуп 282,5 тонна пестициддер ташылып келди (же камсыздоо – 46 %), анын ичинен:

  • үрөн ууландыргычтар – 29,9 тонна (камсыздоо – 55 %);
  • гербициддер – 126,5 тонна (камсыздоо – 40 %);
  • инсектициддер – 87,4 тонна (камсыздоо – 46 %);
  • фунгициддер – 38,7 тонна (камсыздоо – 69 %).

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн 2023-жылы жалпы 615,4 тонна өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары (пестициддер) керектелет, анын ичинен:

  • үрөн ууландыргычтар – 54 тонна;
  • гербициддер – 313,7 тонна;
  • инсектициддер – 191,8 тонна;
  • фунгициддер – 55,9 тонна.
Show More
Back to top button