Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2023-жылдын вегетациялык мезгилине карата жазгы ным топтоо сугаттары башталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2023-жылдын вегетациялык мезгилине карата жазгы ным топтоо сугаттары башталды

2023-жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жазгы ным топтоо сугаттары башталды.

2023-жылдын 22-мартына карата жалпысынан жазгы ным топтоо сугатына менен планда 246,7 миң га каралган болсо, иш жүзүндө 28,9 миң гектар аянт сугарылып, план 12% аткарылган. Анын ичинен дан эгиндери – 2,5 миң га, көп жылдык чөп – 9,7 миң га, мөмө-жемиш бактары – 9,6 миң га, башка өсүмдүктөр – 7,1 миң га аянты сугарылган.

2023-жылдын 22-мартына карата түзүмдүк бѳлүмдѳр тарабынан 211,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 145 гидротехникалык курулмалардын, 44 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 3 суткалык жөнгө салуучу бассейндерин тазалоо, 24 насостук станциялардын, 22 насостук агрегаттардын оӊдоо иштери жүргүзүлдү.

2023-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул каражатка каналдардын оӊдоо, 696,8 км бетондоо жана механикалык тазалоо, 747 гидротехникалык курулмалардын, 309 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциянын, анын ичинде 199 насостук агрегаты оӊдоо, 59 насостук агрегатын жаӊылоо жана 1242 метр басым түтүктөрдү алмаштыруу, 13 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 284,5 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Show More
Back to top button