Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Элдик Курултайынын делегаттары менен “Кереге кеңеш” отуруму болуп өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Элдик Курултайынын делегаттары менен “Кереге кеңеш” отуруму болуп өттү

2023-жылдын 17-мартында, Айыл чарба министрлигинин кичи залында Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайынын делегаттары менен “Кереге кеңеш” отуруму болуп өттү.

Элдик Курултайдын резолюциясында жазылган Айыл чарба  маселелери боюнча  жазгы талаа иштерине даярдык жана айдоо-себүү иштеринин  алдында  жасалуучу иштер тууралуу маалымат, Элдик Курултайда делегаттар тарабынан көтөрүлгөн Айыл чарбасына тийиштүү маселелердин аткарылышы тууралуу толук маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан 2023-жылдын 11-январынан №6-НИ “2022жылдын 5-ноябрында аймактарда өткөрүлгөн жергиликтүү курултайдын делегаттары тарабынан бекитилген көйгөйлүү маселелер боюнча түзүлгөн иш-чаралар планы, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан бекитилген 2022-жылдын 25-26- ноябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн Элдик Курултайда делегаттар тарабынан айтылган  сын-пикирлер, сунуштар жана суранычтар боюнча түзүлгөн иш-чаралар планы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров тарабынан бекитилген 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкеке шаарында өткөн биринчи Элдик Курултайда делегаттар тарабынан кат түрүндө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде түзулгөн иш-планындагы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине тиешелүү контролдук пункттардын аткарылышын бекитүү жөнүндө” буйругу таризделип, 2023-2025-жылдарга карата Министрликке тиешелүү иш-чаралар Планы бекитилип, Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрүнө планда камтылган тиешелүү иш чаралардын өз мөөнөтүндө ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды көрүүсү милдеттендирилген.

2022-жылдын 5-ноябрында аймактарда өткөрүлгөн жергиликтүү курултайдын делегаттары тарабынан  бекитилген көйгөйлүү маселелер боюнча түзүлгөн иш-чаралар планында жалпы 1468 иш чара каралган, анын ичинен Айыл чарба министрлигине тийиштүү иш чаралар 658.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У. Жапаров тарабынан бекитилген 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкеке шаарында өткөн биринчи Элдик Курултайда делегаттар тарабынан кат түрүндө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлгөн иш чаралар жалпысынан 670 анын ичинен Министрликке  тиешелүү  258 иш чара.

2022-жылдын 25-26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда болуп өткөн биринчи Элдик Курултайда аймактардан катышкан делегаттар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер боюнча түзүлгөн иш-чаралар планы жалпысынан 113 анын ичинен Айыл чарбасына тиешелүү 56 иш чара каралган.

2022-жылдын 25-26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда болуп өткөн биринчи Элдик Курултайдын 26- ноябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин жана министрликтин кызматкерлери тарабынан кабыл алынган кайрылуулар 311, 106 кайрылуу жазуу жүзүндө, 205 кайрылуу оозеки түштү.

Көпчүлүк суроолор Жерди трансформациялоо, жаштарга жер үлүштөрүн берүү, Жайыт талаш маселелерин чечүү, Токой чарбасына тиешелүү жерлерди айыл өкмөтттөргө берүү, сугат суу каналдарын ондоп түзөө, БДР, БСР куруу, насостук станцияларды куруу, логистикалык борборлорду куруу, үлүш жерлерге коюулган  мараторийди алып салуу, суу сактагычтарды куруу, үрөндөрдү насыяга берүү лизингге трактор комбайндарды берүү, минералдык жер семирткичтерди насыяга берүү, кайра иштетүүчү цехтерди куруу боюнча берилди.

Show More
Back to top button