Бүгүнкү күндө республиканы минералдык жер семиркичтер менен камсыздоо иштери толук кандуу жүргүзүлүп жатат. 2023-жылдын 16-мартына карата камсыздоо 40,2 миӊ тоннаны түздү.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин аймактык башкармалыктарынын маалыматынын негизинде, Өзбекстан Республикасынан өндүрүлгөн аммиак селитрасынын баасы 1кг үчүн 28-30 сом, карбамид 36-38 сом жана түндүк аймактарда аммиак селитрасы 30-32 сом/кг, карбамид 38-40 сом баада сатылууда.
Учурдагы баа, былтыркы баага салыштырмалуу 20-25 % арзан.