Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мамлекеттик токой фондусун пайдаланууда төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн “Токой пайдалануу” автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мамлекеттик токой фондусун пайдаланууда төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн “Токой пайдалануу” автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинине караштуу Токой кызматы тарабынан “Токой пайдалануу” автоматташтырылган системасы иштелип чыгып, төлөмдөрдү терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

МТФнын жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча “Токой пайдалануу” автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнүн максаты – МТФды пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн эсебин алууну, токойлордун продуктуулугун эсепке алуу, коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бюджеттик программанын чараларын ишке ашыруу үчүн токой чарбалары боюнча төлөмдөрдү идентификациялоону камсыз кылуучу атайын автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү, ошондой эле МТФны пайдалануу үчүн акы төлөө үчүн натыйжалуу инструментти берүү жана учурдагы бизнес-процесстерди оптимизациялоо болуп саналат.

Автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү төмөнкүдөй жыйынтыктарды электрондук форматта берет:

1) жүргүзүлгөн төлөмдөрдү натыйжалуу көзөмөлдөөнү;

2) токой чарбалары жана пайдалануунун түрлөрү боюнча төлөмдөрдү идентификациялоону;

3) ар кандай финансылык инструменттер (төлөм терминалдары, электрондук капчыктар ж.б.) аркылуу алыскы региондордо төлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн.);

4) жүргүзүлгөн төлөмдөрдү 41 токой чарбасынын атайын эсептерине чегерүү.

Show More
Back to top button