Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинине караштуу Токой кызматы тарабынан “Токой пайдалануу” автоматташтырылган системасы иштелип чыгып, төлөмдөрдү терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
МТФнын жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча “Токой пайдалануу” автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнүн максаты – МТФды пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн эсебин алууну, токойлордун продуктуулугун эсепке алуу, коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бюджеттик программанын чараларын ишке ашыруу үчүн токой чарбалары боюнча төлөмдөрдү идентификациялоону камсыз кылуучу атайын автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү, ошондой эле МТФны пайдалануу үчүн акы төлөө үчүн натыйжалуу инструментти берүү жана учурдагы бизнес-процесстерди оптимизациялоо болуп саналат.
Автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү төмөнкүдөй жыйынтыктарды электрондук форматта берет:
1) жүргүзүлгөн төлөмдөрдү натыйжалуу көзөмөлдөөнү;
2) токой чарбалары жана пайдалануунун түрлөрү боюнча төлөмдөрдү идентификациялоону;
3) ар кандай финансылык инструменттер (төлөм терминалдары, электрондук капчыктар ж.б.) аркылуу алыскы региондордо төлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн.);
4) жүргүзүлгөн төлөмдөрдү 41 токой чарбасынын атайын эсептерине чегерүү.