Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылдын аягына карата малды жана үй канаттууларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын чарбаларында ири мүйүздүү малдын башы 1783 миң башты түзүп 1,9 пайызга көбөйгөн. – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

2022-жылдын аягына карата малды жана үй канаттууларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын чарбаларында ири мүйүздүү малдын башы 1783 миң башты түзүп 1,9 пайызга көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Улуттук статистикалык комитетинин биргелешкен буйругунун аткаруу максатында 2022-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары малды жана үй канаттууларын кайра эсепке алууну өткөрүштү.

2022-жылдын аягына карата малды жана үй канаттууларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын чарбаларында ири мүйүздүү малдын башы 1783 миң башты түзүп 1,9 пайызга көбөйгөн.

Ири мүйүздүү малдардын көпчүлүк үлүшү Ош облусунун чарбаларында (22,3 пайыз жалпы санынан), Жалал-Абад (20,8 пайыз), Чүй (17,6 пайыз) жана Ысык-Көл (15,3 пайыз) облустарынын чарбаларында кармалат.

Ири мүйүздүү малдын жалпы санынын ичинен 3,3 пайызы топоздорго туура келет, алардын саны бир жылдын ичинде 1,1 миң башка (же 1,9 пайызга) көбөйүп, 2022-жылдын аягына карата 58,3 миң башты түздү.

Кой жана эчкилердин саны республикада 6200,9 миң башты түзүп 77,1 миң башка же 1,2 пайызга азайган.

Кой жана эчкилер – Жалал-Абад облусунун чарбаларында (22,2 пайыз), Нарын (18,2 пайыз), Ош (18,1 пайыз) жана Ысык-Көл (14,8 пайыз) облустарынын чарбаларында кармалат.

2022-жылдын аягына карата 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда жылкылардын башынын саны 533,9 миң башты түзүп 13,2 миң башка же 2,4 пайызга азайган.

Жылкылар – Нарын облусунун чарбаларында (26,7 пайыз), Ош (18,5 пайыз), Ысык-Көл (17,7 пайыз) Жалал-Абад (16,2 пайыз) жана Чүй (14,2 пайыз) облустарынын чарбаларында кармалат.

Үй канаттуулардын саны жалпы республика боюнча 6368,7 миң башты түзүп 7,5 пайызга же 443,9 миң башка өстү. Үй канаттууларынын башынын олуттуу өсүшү Чүй облусунун (20,2 пайыз) чарбаларында белгиленди.

Show More
Back to top button