Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Токойлорду мыйзамсыз кыюуларды болтурбоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Токойлорду мыйзамсыз кыюуларды болтурбоо

2023-жылдын 14-февралында Жети-Ɵгүз токой чарбасынын жана Ысык-Кѳл областтык Ички иштер бѳлүмүнѳ караштуу Туристтик-Экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан токойлорду мыйзамсыз кыюуларды болтурбоо жана алдын алуу максатында Кызыл-Суу, Жаргылчак токойчулуктарында күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгѳн, жыйынтыгында:
Жаргылчак токойчулугунун №4 кыдырмасынан 2 даана ѳсүмү токтогон Тянь-Шань карагайынын, дүмүрлѳрдүн диаметрлери 68,69 см кѳлѳмү 2,79 м3 түзгон жана Кызыл-Суу токойчулугунун №2 кыдырмасынан 1 даана ѳсүп турган диаметри 74см, 2 даана ѳсүмү токтогон кургак диаметрлери 98,92 см, №3 кыдырмасынан 1 даана ѳсүп турган диаметри 58 см, 3 даана ѳсүмү токтогон диметрлери 60,40,35 см түзгѳн Тянь-Шань карагайлары мыйзамсыз кыйылганы аныкталган.


Жогорудагылардын негизинде иш материалдары токой чарба тарабынан Жети-Ɵгүз райондук ИИБнѳ жиберилип жана Жети-Ɵгүз токой чарбасы 2023-жылдын 16-февраль күнү техкенешме ѳткѳзүп жыйынтыгында, ѳз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн Кызыл-Суу токойчулугугунун токой башчысы Кудайбергенов К. «сѳгүш» тартиптик жазасы, Кызыл-Суу токойчулугунун №3 кыдырмасынын токойчусу Мамытов К. ээлеген кызмат ордунан бошотулган жана Жаргылчак токойчулугунун №4 кыдырмасынын токойчусу Мурзабаев Н. «эскертүү» тартиптик жазалары берилди.

Show More
Back to top button