Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мамлекеттик токой фондунун аймагында токой коргоо жумуштары активдүү жүрүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мамлекеттик токой фондунун аймагында токой коргоо жумуштары активдүү жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын 2022-жылдын 5-декабрындагы № 01/1-8/405 “Мамлекеттик токой фондунун (МТФ) аймагында жаш ийне жалбырактуу токойлорду мыйзамсыз кыюулардан коргоо жана мыйзамсыз кыюуларга бɵгɵт коюу максатында үзгүлтүксүз рейд иш-чараларын уюштуруу жɵнүндɵ”  буйругунун негизинде, мамлекеттик токой фондунун аймагында токой коргоо жумуштары активдүү колго алынып, рейд иш чаралары уюштурулуп, 2022-жылдын декабрь жана 2023-жылдын январь айларына карата жалпы мыйзамсыз токой кыюу фактысы боюнча 905,3 миң сомдук 32 иш материал аныкталып, кɵлɵмү 84,7 м3 түзгɵн 147 түп бак-дарактардын мыйзамсыз  кыйылгандыгы аныкталган.

Мыйзамсыз токой кыюу фактылары боюнча укук коргоо органдарына тиешелүү иш материалдар ɵткɵрүлүп берилип, мыйзам бузууну жасаган жактарды табуу менен МТФга келтирилген зыянды ɵндүрүү боюнча тергɵɵ амалдары жүргүзүлүп келет.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жɵнүндɵгү” кодексинде (мындан ары – Кодекс) токой тармагын башкаруучу мамлекеттик органына ыйгарым укугу берилбей калгандыктан, токой мыйзамдарын бузуучуларга карата доо коюлуп, бирок  айып салынбай келет. Себеби, Кодекстин 457-беренесине ылайык, мамлекеттик токой фондусунун аймагындагы укук бузууларга чара колдонучу катары айлана чɵйрɵнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталып калган.

Ошондуктан, МТФнын аймагында мыйзам бузуу фактыларына карата Кыргыз Республикаынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте ийгиликтүү иштер жүргүзүлүүдɵ.

Show More
Back to top button