Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Баткен облусу боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Баткен облусу боюнча маалымат

Баткен Башкы суу чарба башкармалыгынын карамагындагы 2022-жылга суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 61,5 млн.сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, бул каражатка 12,4 км каналдардын оӊдоо жана бетондоо, 63,3 км каналдардын механикалык тазалоо, 86 гидротехникалык курулмалардын, 60 суу өлчөөчү посттордун, 18 насостук станциянын, анын ичинде 49 насостук агрегатты оӊдоо, 16 насостук агрегатты жаӊылоо, ошондой эле 25,7 км коллектор-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

2023-жылдын 1-февралына карата 60,4 млн.сом каржыланып, бул каражатка 42,1 км каналдардын механикалык тазалоо, 7,2 км каналдардын оӊдоо жана бетондоо, 70 гидротехникалык курулмалардын, 53 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 19 насостук станцияларды оӊдоо, анын ичинде 48 насостук агрегатты оӊдоо, 16 насостук агрегатты жаӊылоо, ошондой эле 7,2 км коллектор-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштерин аткаруу иштери жүргүзүлдү.

 “Капиталдык оӊдоолор”  титулдук тизмесине кирген объектилерде калыбына келтирүү, оӊдоо жумуштары 2022-жылдын 25-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Баткен району:

Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 23,6 млн.сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, бул каражатка 0,4 км каналдардын оӊдоо, 15,5 км каналдардын механикалык тазалоо, 24 гидротехникалык курулмалардын, 18 суу өлчөөчү посттордун, 9 насостук станциянын, анын ичинде 23 насостук агрегаты оӊдоо, 9 насостук агрегаты жаӊылоо, ошондой эле 25,7 км коллектор-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

2023-жылдын 1-февралына карата республикалык бюджеттен «капиталдык оӊдоолор» беренеси боюнча 23,6 млн.сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаты бѳлүнүп, бул каражатка 10,5 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо, 24 гидротехникалык курулмалардын, 18 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 9 насостук станцияларды оӊдоо, анын ичинен 23 насостук агрегаттарды оӊдоо, 7 насостук агрегатты жаӊылоо, ошондой эле 7,2 км коллектор-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштерин жүргүзүлдү.

Кадамжай району:

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 9,8 млн.сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, бул каражатка 11,7 км каналдардын оӊдоо жана бетондоо, 39,3 км каналдардын механикалык тазалоо, 38 гидротехникалык курулмалардын, 17 суу өлчөөчү посттордун оӊдоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

2023-жылдын 1-февралына карата 9,8 млн.каржыланып, бул каражатка 23,1 км каналдардын механикалык тазалоо, 6,9 км каналдардын оӊдоо жана бетондоо, 22 гидротехникалык курулмалардын, 10 суу ѳлчѳѳчү посттордун оӊдоо иштери жүргүзүлдү.

Лейлек району:

Лейлек башкы суу чарба башкармалыгынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 22,3 млн.сом өлчөмүндө акча каражаты каралып, бул каражатка 0,3 км каналдардын оӊдоо, 8,5 км каналдардын механикалык тазалоо, 24 гидротехникалык курулмалардын, 25 суу өлчөөчү посттордун, 8 насостук станциянын, анын ичинде 25 насостук агрегатты оӊдоо, 6 насостук агрегаты жаӊылоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

2023-жылдын 1-февралына карата 22,2 млн.сом каржыланып, бул каражатка 8,5 км каналдардын механикалык тазалоо, 0,3 км каналдардын оӊдоо, 24 гидротехникалык курулмалардын, 25 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 насостук станцияларды оӊдоо, анын ичинде 24 насостук агрегатты оӊдоо, 6 насостук агрегатты жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.

Учурда, Суу ресурстары кызматы тарабынан айыл тургундарын айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн жаңы сугат жерлер менен камсыз кылуу максатында Баткен облусундагы ирригацияны өнүктүрүү үчүн төмөнкү долбоорлор ишке ашырылууда:

Кадамжай районунда:

Дюкер Р-1 курулушу. Курулуш иштери 2021-жылы башталып 169,5 млн.сом каражат бөлүнүп берилди. Курулуш иштери улантылууда.

Алга аыйлында «Алга-Жаркотон» каналын бетондоо объектиси боюнча техникалык экономикалык эсептер жүргүзүлүп.  Курулуш иштери Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2023-жылдны 2 кварталына мерчемделген.

– М. Нургазиев каналын Реабилитациялоо объектиси боюнча техникалык экономикалык эсептер жүргүзүлүп.  Курулуш иштери Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2023-жылдны 2 кварталына мерчемделген.

– “Кадамжай шаарына караштуу Кара-Жантак конушунда Аксуу (Шахимардан сай) дарыясынан Алга-Кара жаңы жерлерди ѳздѳштүрүү долбоорун “Алгакадам” коомдук бирикмесинин тарабынан курулуш иштери аткарылып жатат. Каналдын жалпы узундугу25 км курулушу менен 4200 гектар жаӊы сугат жер өздөштүрүлүү мерчемделүүдө. Курулуштун наркы болжол менен 2972,25 млн.сом түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуш иштери 2 этапка бөлүнгөн.

1-этапта “Алгакадам” коомдук бирикмесинин тарабынан каналдын узундугу 16,085 км. курулушу аткарылынат. Алга-Кадам массивин өздөштүрү объектисинин 2 этабындагы изилдөө жумуштары Суу ресурстары кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Долбоорло иштеринин 3 бөлүгү аткарылды, учурда тоннельдик бөлүгү иштеп чыгууда.

– Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү (экинчи кезек) куруу иштерин баштоо үчүн учурда, долбоорло-изилдөө жумуштары аткарылып жатат. Долбоорло иштери 2022-жылдын аягында бүткөрүлүү мерчемделүүдө. Жумуштардын божомол наркы 1100 млн. сомго жакын.

Лейлек районунда:

Максат айылында Арка массивине суу берүү үчүн дюкерди куруу объектисинде курулуш жумуштарынын көлөмүнүн көптүгүнөн долбоор 4 баскычка бөлүнүп, биринчи этабы 2021-жылы бүткөрүлгөн.

Учурда, экинчи баскычта узундугу 4,08 км келген Кулунду каналынын реконструкциялоо, сыйымдуулугун  6 м3/секундадан 12 м3/секундага жеткирүү жумуштар аткарылууда.

– Козу-Баглан дарыясынын сууларын жөнгө салуу үчүн пайдалуу көлөмү 87 млн. м3, болгон Лейлек суу сактагычын куруу объектинин долбоорло жумуштары 2021-жылдан баштап аткарылууда.

– 2022-жылы Маргун, Бешкент, Жаӊы-Жер айыл аймактарындагы жерлерди сугат суу менен камсыздоо үчүн жалпысынан 5 скважиналарды калыбына келтирүү жумуштар аткарылды.

Баткен району боюнча.

Баткен районунда Чон-Кара айылында суу өткөрүүчү канал куруу боюнча долбоорло иштери жүргүзүлүүдө.

– Баткен районундагы Чарбак айылына водопровод куруу боюнча долбоорло иштери жүргүзүлүүдө.

–  Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарындагы жерлерди сугат суу менен камсыздоо үчүн жалпысынан 5 скважиналарды калыбына келтирүү жумуштар аткарылды.

2022-жылы Баткен облусунда 8 насостук станцияда (Кызыл-Жол, Үч-Дөбө, Керме-Тоо айылында), Лейлек районунда 6 насостук станцияда (Кулунда, Даширават, Калта-Арык) капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.  Баткен облусуна насостук станцияларга -9 даана, Лейлек районуна 5 даана сатып алынып, орнотулду.

«Баткен районунун Бакай Ак-Сай айыл аймагынын тургундарын сугат суу менен камсыздоо» объектисинин курулуш иштери аяктап, курулуш иштеринин баасы 72,25 млн сомду түздү. 2022-жылы 40,0 млн сом план болсо, иш жүзүндө 40,0 млн сом каржыланган.

Show More
Back to top button