![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/21-5.jpg)
Бүгүн, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин менен биргеликте “Агро Эксперт Групп” компаниясы (poliv.kg) жана “Кайыңды-Кант”, “Кошой” кант заводдорунун катышуусу менен “Сугаруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен кант кызылчасын интенсивдүү өстүрүү” боюнча семинар өтүүдө.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/2-8-1024x766.jpg)
Семинардын максаты – кант кызылчасын өндүрүү, үрөндүк материал, азыктык мүнөздөмөлөр жана жасалма сугаруу шартында өсүмдүктөрдү коргоо жаатындагы заманбап технологияларды сунуштоо.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/22-2-1024x766.jpg)
Семинарда Айыл чарба техникасынын лизинги боюнча “Valley” (АКШ) компаниясынан сугат системасын түзүү, кант кызылчасын өндүрүүнүн экономикасы жана азыктандыруу системасы боюнча, Кыргызстандын кызылча кант тармагын өнүктүрүү жөнүндө баяндамалар сунушталды.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/2222-1-1024x766.jpg)
Акыркы жылдары Кыргызстанда кант кызылчасы боюнча өнөр жайын жандандыруу боюнча чоң иштер жасалды. 2016-жылдан тартып Кыргызстандын кызылча өндүрүүчүлөрү өз талааларында жыл сайын 450 миң тоннадан 780 миң тоннага чейин кант кызылчасын өстүрүшөт. Мындай көлөмдөгү түшүм “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдорунда 55-100 миң тонна кант кызылчасын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/222-1-1024x766.jpg)