Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын кенже топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын кенже топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын кенже топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кенже топтогу административдик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” жана “тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайы” боюнча бардык багыттар, агроинженерия багыты боюнча артыкчылыктуу; “транспорт техникасы жана технологиясы” – багыттарындагы жогорку билим;

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

    Билими:

Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 –       “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Кооперативдер жөнүндө”, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

– 2021-жылдын 6-августуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперация департаменти жөнүндө жобо;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартында  “Айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз убагында жана сапаттуу механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” № 107 буйругу.

билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү.

Конкурска катышуу үчүн папкада төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл (папканын сырткы бетинде аты-жөнү, инн, байланыш номерлери, электрондук почтанын дареги көрсөтүлөт):

  • жеке арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо) же акыркы иштеген жери боюнча маалымат;
  • нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) же акыркы иштеген жери боюнча маалымат;
  • окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан соттолгондугу (же жоктугу) жөнүндө маалымкат (акыркы 6 ай).

Сынактын катышуучулары 2023-жылдын 30-январынан 10-февралдын 5-00 саатына чейин ДМИТКСХ кадрлар бөлүмүнө төмөндөгү дарек боюнча документтерди тапшырышы керек: Киев көчөсү 96 “А”, 7-кабат, 712 каб.

Сурап билүү телефондору: 66-45-09,62-36-29.

Эскертме:

  • белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Show More
Back to top button