Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Контролдук жана «Батма» көбөйтүү питомнигинде беденин фенологиялык байкоолору, ченөөлөрү, түшүмү аныкталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Контролдук жана «Батма» көбөйтүү питомнигинде беденин фенологиялык байкоолору, ченөөлөрү, түшүмү аныкталды

Кыргызстанда негизги тоют өсүмдүгү – беде, бедени өстүрүү – топуракты оорулардан сактоонун, анын асылдуулугун көбөйтүүнүн эң арзан жана алдыңкы ыкмасы.

Республикада жайыт үчүн ылайыкталган, малга чыдамдуу, чөп аралашмасын түзүүдө – өз ара атаандаштыктыкты камсыздоо, маданий жайыт түзүү жана табыгий жайытты жакшыртууга ылайыкталган беденин жайыт сортун чыгаруу – беденин селекциясынын негизги талабы.

Азыркы убакта окумуштуулар беденин түп нуска үлгүсүн түзүүдө, беденин морфологиялык өзгөчөлүктөрүн камтыган жана жайытка ылайыктуу сортун түзүүдөгү аргын-сорттордун, сорт-үлгүлөрдүн, биотиптердин жана беденин эспарцет, кылкандуу кызыл от чөптөрү менен болгон чөп аралашмасынын контролдук питомниги себилген (2019-2020 жж.).

Беденин түп нускасынын түшүмдүүлүгүнүн касиеттери жана белгилери изилденди. Мындан кийин тандалган материалдар алдын ала конкурстук питомнигинде (ААКП) изилдөө улантылат.

Контролдук жана «Батма» көбөйтүү питомнигинде (2019) беденин фенологиялык байкоолору, ченөөлөрү, түшүмү аныкталды.

Беденин аргын сортторунун F2 контролдук питомниги чөп аралашмасы жана таза түрүндө себилип, өнүмү, чөптүн жыштыгы, түшүмдүүлүгүн изилденди.

Азыркы учурда урукту тазалоо жана үрөндүн түшүмүн аныктадык, алынган маалыматтарды иргеп эсептеп, үстүдөгү жылдык отчетко даярдыктар көрүлүүдө.

Show More

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Back to top button