Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментине караштуу Ысык-Көл облусунун Тоң балык өстүрүүчү заводунда, Ысык-Көл форелин жасалма жол менен инкубациялоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
2020-жылдын 28-октябрында, Ысык-Көл форелинин 18 даана ургаачы түрлөрүнөн 32000 даана икра алынды. Икрадан личинка чыгаруу үчүн инкубациалык аппараттарга салынды.