Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Карантинге алынган продукцияны экспорттоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктарХимиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо

Карантинге алынган продукцияны экспорттоо:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 14.01.-19.01.2023 ж. карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 7 миң 338 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Ушул жумада, Кыргыз Республикасынын экспортоонун негизги көлөмү Чүй областынын карантинге алынган продукталарына туура келип 2 миң 646 тоннаны түздү. Анын ичинен: буурчак Афганистанга (690 тонна), жаңгак Россия, Казакстан (452 тонна), жем (жүгөрү) Казакстан (365 тонна) өлкөлөрүнө экспорттолду.

Андан соң айыл чарба продуктылары экспорттук көлөмү боюнча Баткен областына туура келип 2 миң 605 тоннаны түзүп, анын ичинен: пияз (1661 тонна), жүгөрү (450 тонна), картошка (427 тонна) Өзбекстанга өлкөсүнө экспорттолду. Талас областынан 949 тонна карантинге алынган продуктылар экспорттолуп, анын ичинен: дан, буурчак өсүмдүктөрү Россия, Сербия, Македония, Болгария, Иран, Казахстан, Грузия (768,5 тонна), алма Казакстан (108 тонна), картошка Казакстан (72,3 тонна) өлкөлөрүнө экспорттолду.

Show More
Back to top button