Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбооруна 3,5 млрд сом бөлүндү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

“Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбооруна 3,5 млрд сом бөлүндү

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында, сүт, эт, шекер, жумуртка, өсүмдүк май, картөшкө, жашылчалар, жемиштер жана дан эгиндеринин кластерлерин өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө, мындан тышкары кошумча түзүлгөн келишимдердин негизинде балык, бал, жүн, пахта жана жаңгак мөмө-өсүмдүктөрүнүн кластердик бирикмелери түзүлүүдө.

Агроөнөр жай кластери агроөнөр жай комплексинин кошумча нарк чынжырчасында иштеген фермерлердин, агроөнөр жай ишканаларынын, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-логистикалык борборлорунун кластердик бирикмелеринен түзүлөт.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында “Айыл Банк” ачык акционердик коому жана “РСК Банк” ачык акционердик коому тарабынан күрөөсүз жеңилдетилген насыя 3-5 жылга чейин 6 пайыз менен берилет.

“Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорунун негизинде 2023-жылдын 16-январына карата 3,5 млрд сом бөлүндү. Анын ичинде “РСК Банк” ачык акционердик коомуна – 1,7 млрд сом жана Айыл Банк” ачык акционердик коомуна – 1,8 млрд сом бөлүнүп, жалпы 2718,9 млн сомго 2381 кредиттер берилди.

Show More
Back to top button