Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жер участокторун которуу планы – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жер участокторун которуу планы

Жер участокторун которууда  (трансформациялоодо) төмөнкү талаптар аткарылыш керек:

  1.  Жер участогу жайгашкан жер боюнча райондук мамлекеттик администрациясына жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө арыз.

а) Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

– жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат;

– которулуп жаткан жер участогунун категориясы жана өлчөмү;

– жер участогун которууга негиздеме.

б) Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

– арыз ээсинин – жеке жактын ким экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

– эгерде арыз ээси жер участогунун менчик ээси же жер пайдалануучу болуп саналган учурларда жер участогуна болгон укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;

-жерлердин кыртыш-мелиоративдик абалы боюнча корутунду.

Райондун мамлекеттик администрациясы жер участогуна материалдарды түзүү үчүн жер участогун которуу (трансформациялоо) боюнча келип түшкөн арызды коштоочу документтери менен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалына (мындан ары – “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы) жиберет.

3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы арызды, белгиленген тартипте бекитилген участокко курулуш куруунун башкы планын же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери менен техника-экономикалык негиздемени, айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которууда жоготуулардын эсептерин, ар бир менчик ээсине жана жер пайдалануучуга карата жерлердин түрлөрү боюнча жердин экспликациясын, чек арасын, масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планын өзүнө камтыган жер участогуна материалдарды түзөт, аталган материалдарды документтер келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жер участогу жайгашкан аймактагы райондун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн райондук комиссиянын кароосуна жиберет.

4. Райондук комиссия документтер келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жер участогун которуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен бирге райондун мамлекеттик администрациясына берет.

Жер участогун которуу маселеси боюнча райондук комиссия терс корутунду берген учурда райондун мамлекеттик администрациясы корутундуну чыгарган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде арыз ээсине баш тартуу жөнүндө райондук комиссиянын жүйөлүү корутундусун жиберет.

Райондук комиссия оң корутунду чыгарган учурда райондун мамлекеттик администрациясы көрсөтүлгөн корутундуну чыгарган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жерлерди которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзүү үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалына материалдарды, анын ичинде райондук комиссиянын корутундусун жана түшүндүрмө катты жиберет.

5. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы райондун мамлекеттик администрациясынан материалдарды алгандан кийин төмөнкү документтерден турган жерлерди которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:

1) арыз;

2) белгиленген тартипте макулдашылган участокко курулуш куруунун башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери жана техникалык-экономикалык негиздеме;

3) айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которууда жоготуулардын эсептөөлөрү;

4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу арасында жерлердин түрлөрү боюнча жердин экспликациясы;

5) чек араларын жана көлөмүн көрсөтүү менен жер участогунун планы;

6) райондук комиссиянын оң корутундусу;

7) түшүндүрмө кат.

6. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалы жер участогун которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн жер участогу жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизет, ал документ келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен жер участогун которуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берет.

7. Жер участогун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өткөрүп берүү жөнүндө оң чечимди алгандан кийин “Кадастр”мамлекеттик мекеме райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизет.

8. Райондун мамлекеттик администрациясы документтер келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде компетенциясынын чегинде “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жерлерди которууга (трансформациялоого) макулдук берүү же жерлерди которуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Берилген материалдар жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү ушул Жобонун ченемдерине ылайык келбеген учурда кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган он жумуш күндүн ичинде аларды толуктап иштеп чыгуу үчүн райондун мамлекеттик администрациясына кайтарып берет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация:

1) өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндө чечимди атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет; ;

2) компетенциясынын алкагында кабыл алынган жерлерди которууга макулдук жөнүндө чечимди материалдар менен бирге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине жиберет.

Жер участокторун которуу же которууга макулдук берүү жөнүндө чечим төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) жарактуу жерлердин категориясын жана (же) түрүн өзгөртүү үчүн негиз;

2) жер участогунун жайгашкан жери, аянты жана кадастрдык маалымат;

9. Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук жөнүндө чечимди алгандан кийин райондун мамлекеттик администрациясы аны жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосуна жиберет.

10. Жерге жайгаштыруу ишинин берилген материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү алар келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн корутундусун жерге жайгаштыруу ишинин материалдары менен кошо жиберет.

11. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумушчу күндүн ичинде экспертиза жүргүзөт. Берилген материалдар жана жерге жайгаштыруу иши ушул Жобонун нормаларына туура келген учурда жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет.

Эгерде берилген материалдар жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү ушул Жобонун ченемдерине ылайык келбесе, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган он жумушчу күндүн ичинде аларды толуктап иштеп чыгууга райондун мамлекеттик администрациясына кайтарып берет.

Табылган эреже бузуулар четтетилгенден кийин жерге жайгаштыруу делосуна тиешелүү материалдар жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан киргизилиши мүмкүн.

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору менен жерге жайгаштыруу материалын алгандан кийин жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Айыл чарба министрлигинин кароосуна жиберет,.

13. Айыл чарба министрлиги жерге жайгаштыруу материалын алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун жана земди карайт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш.

14. Оң чечим кабыл алынган учурда айыл чарба министрлиги мамлекеттик органдар менен макулдашуунун жана андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберүү менен тиешелүү жол-жоболорду жүргүзөт.

Show More
Back to top button