Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакцияларын иштеп чыгуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакцияларын иштеп чыгуу

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Жер жана Суу кодексилеринин жаңы редакцияларын иштеп чыгуу тапшырмасы берилип, негизги аткаруучу болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрли аныкталган. Белгиленген тапшырмага ылайык Министрликтин буйругу менен Жер жана Суу кодексилерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлгөн.

         Бириккен улуттар уюмунун “Аялдар” түзүмүнүн колдоосу менен, көрсөтүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте жеринде жергиликтүү жашоочулары менен жолугуп, бүгүнкү күңдө жогорудагы белгиленген кодекстеринде ошондой эле жерге байланыштуу мыйзамдарында кандай кемчиликтери бар жана ошолорго толуктоолорду же болбосо өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар угулуп, жер жерлеринде кызуу талкуу болду. Айтылган жолугушуулар үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Нарын шаарында, 30-декабрында Ош шаарында жана 1-декабрында Кадамжай шаарында болуп өттү.

         Бүгүнкү күндө жогорудагы белгиленген Жер жана Суу кодекстери коомдук талкуу кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгашкан.

Show More
Back to top button