Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2022-жылдын 9-ноябрына карата капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2022-жылдын 9-ноябрына карата капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат

2022-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга республикалык бюджеттен 1,0 млрд.сом өлчөмүндө акча каражаттын бөлүнүүсү күтүлүүдө. Бул каражатка 176,3 км каналдардын оӊдоо, 77,4 км каналдардын бетондоо, 712,1 км каналдардын механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулмалардын, 340 суу өлчөөчү посттордун, 105 насостук станциянын, анын ичинде 236 насостук агрегаты оӊдоо, 72 насостук агрегатын жаӊылоо, 28 скважинанын оӊдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 9 суу сактагычтардын оӊдоо жана тазалоо иштери, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармактын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделүүдө.

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бѳлүмдѳргѳ республикалык бюджеттен «капиталдык оӊдоолор» беренеси боюнча 2022-жылдын 9-ноябрына карата 731,9 млн.сом же 73% ѳлчѳмүндѳ акча каражат бөлүнүп берилди. Бѳлүнгѳн каражатка 121,3 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, 28,7 км каналдардын бетондоо, 723,9 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо, 561 гидротехникалык курулмалардын, 306 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 105 насостук станцияларда оӊдоо, 238 насостук агрегаттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинде 52 насостук агрегаттарды жаӊылоо иштери, 138,6 км коллектордук-дренаждык тармактарда механикалык тазалоо жумуштары аткарылууда.

Show More
Back to top button