Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилди

Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

1.      Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.

2.      2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алганда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган  мамлекеттерге буудай унун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) ташып чыгууга 100 000 тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин. 

3.  Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Show More
Back to top button